...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


вторник, 27 ноября 2012 г.

Л. Дербенев - Мына ажыраштык

Көрсө ошол күн - эң жаркын экен,
Ал күндү бүтпөйт, деп биз ойлодук,
Дүйнөдө баары - өз чеги менен,
Экенин унтуп, күлдүк ойнодук.
Түшүнө албайм,
Капыстан баарын жоготтук...
Бөлүндүк мына,
Түбөлүккө биз коштоштук.
Биз ажыраштык... биз ажыраштык...
Бардыгын артка кайруудан биз качтык.
Көп күндөр катар, чубалган күндөр,
Кайталайм ичтен: бул күн да өтөөр..
Жылмаямын мен, а бирок күчөп,
Жүзүмдөн кетпейт кайгылуу көздөр.
Биз ажыраштык,- кандай ачуу сөз,
Бул сөзгө жүрөк дароо эле көнбөс.

Комментариев нет:

Отправить комментарий