Жылдыздуу жаш кыз келип,
Жанымдан орун алды.
Жагымдуу көз карашы,
Жыландай мени арбады.
Жанымдан орун алды.
Жагымдуу көз карашы,
Жыландай мени арбады.
Жымылдап, жылды автобус,
Жанаша жолго чыктык.
Жылмая карап коюп,
Үн- сөз жок бара жаттык.
Жанаша жолго чыктык.
Жылмая карап коюп,
Үн- сөз жок бара жаттык.
Жаштыктын деми жанып,
Жалынын чачып турду.
Жактырып калган өңдүү,
Жан-дүйнөм уйгу- туйгу.
Жалынын чачып турду.
Жактырып калган өңдүү,
Жан-дүйнөм уйгу- туйгу.
Жүрөктү эзди ар кыл ой,
Жашырбай, айткым келген.
Анда да мага окшоп,
Жактыруу болду бекен.
Жашырбай, айткым келген.
Анда да мага окшоп,
Жактыруу болду бекен.
Айталбай, ал ичинен,
Нелерди ойлоду экен..
Нелерди ойлоду экен..
Комментариев нет:
Отправить комментарий