...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


вторник, 2 октября 2012 г.

Эң кымбат күн

Жагымдуу жайдын күнү, табигат кучагында,
Машина куштай сызып, түз жолдо учуп барат.
Керемет ыр кайрыктар көңүлдү курчап алып,
Баратты бактылуулар, тоо-токой сууну аралап.

Көр оокат үчүн эмес, көңүлдүү эс алууга,
Көркөмүн туулган жердин көрүүгө, суктанууга.
Иниси, ата-энеси, рулда олтурду өзү,
Канча жыл күткөн күнү мынакей келген кези.

Ээх, ошол көз ирмемдер унтулбас өмүр бою!
Эң кымбат күн экенин ал мына эми туйду.
Билсек не атаганат, учурдун кымбаттыгын,
Ата-эне бул дүйнөдө түбөлүк турбастыгын..

Комментариев нет:

Отправить комментарий