...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


четверг, 23 июля 2015 г.

Алыс жакта

Алыс жакта, эчким барбаган сарайда жашап жүрөм. Эртең мененки күндүн жагымдуу илебине кактанып, отургучта отурам. Кичинекей кыздар кубалашып, кыт-кыт күлүп ойноп жүрүшөт.
Мурдагы кезимди эскерип, окуяларды бирден тизмектеп өткөрүп, анализдеп отурам.
Сыркы дүйнө менен болгон жалгыз байланыш - эски грузовик шаарга каттайт. Ошол аркылуу гана кабар алабыз.
Исанов деген ичи арам бирөө бар. Ал ошол грузовик менен келип кетип турат.

Ал менден ДНКамдын үлгүсүн алгысы келип жүрчү. Мага жакындаганга, ишенимиме киргенге шылтоо таппай, калп эле жакшы мамиле кылып, бирдемелерди айтып келип калганда, мен андан шектенип, оолактап кетчүмүн.
Бир адам бар. Анын кебетеси, жашы меникиндей, бирок өмүр баяны ойдон чыгарылганы билинип турат. Көрсө менин ДНКамдан менин түгөйүмдү жасашып, жаман иш кылдырып эксперимент жасашыптыр. А мени болсо эсимди өчүрүп, бул жакка тыгып коюшкан тура. Эми мен элге аралаша албайм.
Кыздардын ойногонуна суктанып карайм. Алардын таза дүйнөсүнө, бактылуу күлкүсүнө суктанам. Жашоомду кайрадан баштагым келет.

Комментариев нет:

Отправить комментарий