***
Бейитте өлүк, а бешикте бөбөкпүз:
Билбейбиз чыны өмүрдө андан бөлөк биз.
Өз сырын айтпайт кулдарына Кожоюн:
Шарабың ич да, көп суроо бербе керексиз.
Бейитте өлүк, а бешикте бөбөкпүз:
Билбейбиз чыны өмүрдө андан бөлөк биз.
Өз сырын айтпайт кулдарына Кожоюн:
Шарабың ич да, көп суроо бербе керексиз.
***
Жараткандын кылганына мен таңгалам!
Жүрөктөрдү кайгы жана муң каптаган,
Бул дүйнөнү түк түшүнбөй биз өтөбүз:
Башы кайда? Маңызы эмне? Кайда агат?
Жараткандын кылганына мен таңгалам!
Жүрөктөрдү кайгы жана муң каптаган,
Бул дүйнөнү түк түшүнбөй биз өтөбүз:
Башы кайда? Маңызы эмне? Кайда агат?
***
Куурчактарбыз жараткандын колунда биз!
Куру сөздөн бул айтылган оюм алыс.
Кудай бизди жиптер менен кыймылдатып,
Бүткөндөн соң биз сандыкка коюлабыз.
Куурчактарбыз жараткандын колунда биз!
Куру сөздөн бул айтылган оюм алыс.
Кудай бизди жиптер менен кыймылдатып,
Бүткөндөн соң биз сандыкка коюлабыз.
Омар Хайям
Комментариев нет:
Отправить комментарий