Бүгүн ыйык күн. Мусулмандардын ыйык майрамы - Орозо айт. Аянтка миңдеген адамдар агылып келишти. Айт намазы окулуп, мусулмандар үйлөрүнө тарап баратышат. Бул күнү момун мусулмандар намазын окушуп, дагы бир парзы болгон битир-садаканы беришет. Ар ким өзү каалагандай берет: кааласа атайын орнотулган жашиктерге салат - бул жашиктер муфтият тарабынан чогултулуп, атайын сооптуу иштерге жумшалат; кааласа көчө бойлой кайыр сурап отурган кайырчыларга таштап кетишет.
Быйыл эмнегедир кайыр сурагандардын саны көптөй туюлду. Ар кандай кайырчылар жүрөт, колу же буту мунжулар, коляскада отурган майыптар, оорукчан жакын адамын дарылаганга каражат топтогондор, көнүмүшкө айланган лөлүлөр, чурулдап жолуңду торогон алардын балдары, жашоодон кыйналган жашаялмет аялдар. Алардын ар бири жалдырай карашып, сенин берешендигиңен, ак көңүлдүгүңөн үмүт кылышат. Алардын жанынан өтүп баратып өзүңдүн бай болбогонуңа бир өкүнүп аласың. "Ар биринин көңүлүн көтөрүп, сунган колун суудурбай, кур калтырбай кичинеден болсо да берип кетсем кана, аттиң!"- деген ой келет. Башка мусулман бир туугандарым башкаларына да берип, эчкимиси томсоруп калбай, бир күн болсо да кубанып калышса экен деп ойлойсуң.
Ушуларды ойлоп келатып эки жерден көңүлүм өзгөчө бурулду. Биринчисинде, кичинекей үч бала отурушат. Улуусу эң кичүүсүн алдына алып алыптыр. Чурулдашып, үнүнүн болушунча жардам сурап кыйкырып атышат. "Кичинесинен ата-энеси буларды жаман үйрөтүп атышат" деп жактырбай сүйлөп койду жанымда бирөө. Дароо алардын үй-бүлөсүн элестете калдым. Ата-энеси экөө тең бар болду бекен, балким алардын атасы же апасы жоктур. Жашаса жаңы конуштардын биринде, кырка тизилген бир бөлмөлүү жепирейген "квартиралардын" биринде жашашар. Оюнга тойбой турган кезинде ойлогону тамак болуп, жаңы кийим эмес, жарытылуу курсагы тойбой, балалыгы тар, жупуну бөлмөдө тумчугуп, кайыр сурап көңүлү талкаланып жаткандыр..
Андан ары өткөндө бир жаш келинди көрдүм. Алдында жаш баласы бар, өзү хиджап кийген, сүйкүмдүү келин экен. Башын жерге салып ыйлап отурат. Бул кантип мындай тайкы тагдырга туш келип калды экен деген ой кетти. Туугандарынан кол үзүп, жалгыз калган го. Балким, жаза басып жаңылып ката кетиргендир. Каралашар адамы жок кайыр сурап калган го. Кирейин десем жер катуу, өлөйүн десем жан таттуу деп, аргасыздан кайыр сурап арданып, ызаланып, ыйлап отурганын көрүп, жүрөгүм зыр этип, көзгө жаш келе түштү. Анын азыркы ушул абалын анын көзү менен карадым. Колундагы ымыркайы менен кара жанын бакканга башка иш кылууга шарты жок, четте турса эчким көңүл бурбайт, так жолдун өзүндө, эл баскан тепсендиде отуруп кайыр сурап калам деп эч качан ойлобосо керек. Жанынан өтүп бараткан миңдеген буттар. Ага кадалган миңдеген көздөр. Бири аяп караса, балким бири жекирип карап жаткандыр. Бул көз караштарды көтөрө албай башы ийилип, көзү жашылданып, кайгыга батып, жүрөгү кайра-кайра тилинип, колундагы чүрпөсү менен сүйлөшүп, аны аяп бооруна кысып, ичтен сыздап отургандыр.
Ошентсе да, тагдырдын башка салганын көтөрүп, кайыр сураса да баласын арам менен бакпай, кайрымдуу адамдарды караан тутуп, бир Алладан үмүт кылып жан сактап жатышканына ыраазы болуп, анын бул азаптуу күндөрү батыраак өтүп кетишин тиледим..
Ылайым эле өлкөбүз өнүгүп, кайыр сурагандардын караанын таппай кала турган күн тезирээк келсе экен. Ыйык күндө тилеген тилектерибизди Алла Таала кабыл кылсын!

Комментариев нет:
Отправить комментарий