Башаламан атышуудан соң, Борчик аттуу согушчандардын башчысы экөө кичинекей времянкага качып келишти. Бөлмө караңгы. Терезеден түшкөн айдын жарыгынан бири-биринин сөлөкөттөрү гана көрүнөт. Тээ көчөдөн өткөн машиналардын жарыгы да анда-санда жүздөрүн жарык кыла тийип жатты.
- Таак, мындан аркысын кандай кылабыз... Алмаз! Эшик жакка басчы. Автоматты коюп кой жерге.
Ал куралын жерге коюп, басып барды. Басып баратып, ага мылтык кезеп турганын сезди. "Атып жибербейби" деп ойлоду. Босогого жетип, бурулуп аны карады. Даана эле мээлеп туруптур. Денеси "дүрр" эте түштү. Бирок кыпындай сыр алдырган жок. Тигил бир саамга мээлеп турду. Алмаз унчукпаган соң, автоматты түшүрдү да:
- Кичине жакынырак турсаң,- деди.
Ичинен "өөх.." деп, жеңилдей түшүп, 3 кадам жакындай келип турду. Тигил көз ачып жумганча автоматын колго шак ала коюп, ага карай кайра кезеди. Коркуу сезими кайра ойгоно түштү. Сыр берген жок. Тигил курокту басты. "Чык" этти, атылган жок. Селт эткени билинбей калган караңгылыкка ыраазы болду. Тиги автоматты жерге койду да, кайрадан дароо ала коюп аткылады: "Чык". "Чык".
" Аа. Азыр атайын бөлүмдүн балдары кирип келгенде атканга даярданып жаткан тура" деп ойлоду, Алмаз.
- Болду, келе бер! - деди Борчик.
Алмаз ордуна келип, куралын колго алып, жерге отурду.
Тигил шашпай, автоматын октой баштады.
"Эмне кылсам... Атып салсамбы. Борчиктин автоматы октолуу эмес экен да. Демек, меники да октолуу эмес окшойт. Жана атышуу болгондо атып көрбөптүрмүн. Тиги берген бойдон көтөрүп жүрөм... Кол менен эле кармашсамбы. Бул мени сынап, куралын камдап даяр турган болсочу" деген ойлор мээсин жеп жатты.
Тигил мылтыгын октоп жатып, намыс, ишеним жөнүндө айтып ага сүйлөп жатты:
- Алмаз, эркек үчүн барынан кымбат нерсе бул эң биринчиден намыс. Адилетсиздикке көздү жумуу бул намыссыздык. Экинчиден, ишеним. Эгер бир адам сага ишенсе, сага ишенип өз жанын да сенин колуңа тапшырса, аны сатып кетүү бул чыккынчылык. Чыккынчы болуу бул дагы намыссыздын иши. Чыккынчынын жазасы өлүм болуш керек.
Күтүлбөгөн жерден, дубалдан чыгып келгенсип, Борчиктин арт жагынан так башына карап сунулган автоматтын учу жарыкка чагылыша түштү. Алмаз аны көрүп таң калып, чочуп кеткенин бир да кыймылы, көз карашы менен билдирбегенге аракет кылып, эмоциясын басканга болгон эркин жумшады.
"Ким бул? Орган кызматкерлери атайын даярданып, алдын ала бизди күтүп турушканбы же согушчандар мени сынап жатышабы? Кандай чара көрүшүм керек? Көрмөксөн болуп күтүп турайын" деген ойлор менен, жерди карамыш болуп, баарына даяр болуп сактанып турду.
Ангыча бөлмөнүн башка тарабынан жарык коштогон "тарс" эткен үн чыкты. Борчиктин капталга ооп жыгылып баратканын көргөнгө үлгүрдү да, өзү да көмкөрөсүнөн түшүп жата калды.

Светти күйгүзүп, сырттан топурап кишилер кирип келишти.
- Азаматсың, Алмаз. Сыноодон ийгиликтүү өттүң! - деген командиринин үнүн угуп, башын көтөрсө, 5-6 солдат, алар менен чогуу Борчик дагы жылмайып карап турушуптур.

Комментариев нет:
Отправить комментарий