Албетте, эсиңизде баардыгы:
Мен тургам дубалга жөлөнүп,
Ызалуу, сиз мага бакырып
Жай таппай ичинен бөлмөнүн,
Мен тургам дубалга жөлөнүп,
Ызалуу, сиз мага бакырып
Жай таппай ичинен бөлмөнүн,
"- Коштошчу күн келди, - дедиңиз,
Кайдыгер жашооңдон чарчадым,
Жүрө бер эртеңиң белгисиз,
А мен оңдойм жашоомду чаржайыт."
Кайдыгер жашооңдон чарчадым,
Жүрө бер эртеңиң белгисиз,
А мен оңдойм жашоомду чаржайыт."
Сиз сүйчү эмессиз, сүйүктүүм!
Билсеңиз, көп элдин тобунда
Атка окшоп көбүктөп, күйүктүм
Тайманбас чабандес колунда.
Билсеңиз, көп элдин тобунда
Атка окшоп көбүктөп, күйүктүм
Тайманбас чабандес колунда.
Билбедиңиз сиз менин жайымды,
Кый-сыпыры чыккан бул турмушта
Кыйнай берем, түшүнбөй, жанымды -
Кайда алпарат тагдырдын жазмышы.
Кый-сыпыры чыккан бул турмушта
Кыйнай берем, түшүнбөй, жанымды -
Кайда алпарат тагдырдын жазмышы.
Тиктесең көрбөйсүң жүзүмдү.
Чоң нерсе алыстан байкалат.
Кайнаган деңиздин үстүндө -
Кемелер кайгылуу чайпалат.
Чоң нерсе алыстан байкалат.
Кайнаган деңиздин үстүндө -
Кемелер кайгылуу чайпалат.
Жер шары - кеме! Кимдир бирөө
Жаңы жашоо, атак-данк издеп
Бурганактын как жүрөгүнө
Ал кемени имерди түздөп.
Жаңы жашоо, атак-данк издеп
Бурганактын как жүрөгүнө
Ал кемени имерди түздөп.
Кеме үстүндө чоң аянтчада
Ким кулап, окшуп, сөгүнбөдү?
Чыдамдуулардын бир уучу гана
Чайпалып чууга чөмүлбөдү.
Ким кулап, окшуп, сөгүнбөдү?
Чыдамдуулардын бир уучу гана
Чайпалып чууга чөмүлбөдү.
Мен ошондо, чоң ызы-чууда,
Бул ишти жакшы билгендиктен,
Кусуп жаткан элден качууга,
Кеменин ички бөлүмүнө киргем.
Бул ишти жакшы билгендиктен,
Кусуп жаткан элден качууга,
Кеменин ички бөлүмүнө киргем.
Ал бөлмө - Орус аракканасы.
Тигилип турдум чөйчөктү карап,
Кыйнаган жанды азаптан качып,
Аракка уугуп өлүүнү каалап.
Тигилип турдум чөйчөктү карап,
Кыйнаган жанды азаптан качып,
Аракка уугуп өлүүнү каалап.
Сүйүктүүм менин! Кыйнадым сизди,
Чарчаңкы тартып көзүңүз турду:
Жаңжалдан чыкпай, жыйбай эсимди
Атайын сизди көрсүн деп кылдым.
Чарчаңкы тартып көзүңүз турду:
Жаңжалдан чыкпай, жыйбай эсимди
Атайын сизди көрсүн деп кылдым.
Бирок сиз мени билбедиңиз:
Тумандуу, татаал бул турмушуң.
Түбү жок тагдыр түк белгисиз
Түшүнө албай кыйналчумун.
Тумандуу, татаал бул турмушуң.
Түбү жок тагдыр түк белгисиз
Түшүнө албай кыйналчумун.
Көп жылдар өттү. Эми башкамын.
Сезимдер, ойлор башкача болчу.
Майрамдарда эми айтканым:
Жашасын биздин башкаруучу!
Сезимдер, ойлор башкача болчу.
Майрамдарда эми айтканым:
Жашасын биздин башкаруучу!
Сезимдер назик оргуштайт бүгүн.
Суз абалыңыз эсиме түштү.
Өзгөргөнүмдү сизге айтыш үчүн,
Өзүмчө шашам, ашыгуум күчтүү.
Суз абалыңыз эсиме түштү.
Өзгөргөнүмдү сизге айтыш үчүн,
Өзүмчө шашам, ашыгуум күчтүү.
Сүйүктүүм! Жакшы кабарым бар:
Мен жардан учуп, кулаган жокмун.
Советтердин катарында
Мен бүгүн өткүр кылычмын, окмун.
Мен жардан учуп, кулаган жокмун.
Советтердин катарында
Мен бүгүн өткүр кылычмын, окмун.
Мурдагы кезим такыр жок бүгүн.
Кыйнабайт элем сизди мен азыр.
Эркиндик жана ак эмгек үчүн
Ла-Маншка болсун барарым анык.
Кыйнабайт элем сизди мен азыр.
Эркиндик жана ак эмгек үчүн
Ла-Маншка болсун барарым анык.
Сиз азыр башка адамсыз. Кечириңиз...
Сабырдуу жана акылдуу күйөөңүз бар;
Керек эмес сизге биздин эзилүүбүз,
Кенедей да керексизмин мен өзүм да.
Сабырдуу жана акылдуу күйөөңүз бар;
Керек эмес сизге биздин эзилүүбүз,
Кенедей да керексизмин мен өзүм да.
Жашаңыз жарык жылдыз жолу менен,
Жаңырган жаш бакыттын сересинде.
Ысык салам ар убакта сизди эстеген
Сиз билген, тааныш Сергей Есенинден.
Жаңырган жаш бакыттын сересинде.
Ысык салам ар убакта сизди эстеген
Сиз билген, тааныш Сергей Есенинден.
Комментариев нет:
Отправить комментарий