...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


понедельник, 15 июня 2015 г.

Бакыт издеп жашайт адам ар качан,
Бакыт деген бул эмне, биз эңсеген?
Будда айтат бакыт деген баш тартуу
Бардык адам каалап турган нерседен.
Каалоолордун баарын азыр өчүрүп,
Эч нерсеге эч кызыкпай калганда,
Мен бактылуу сезген жокмун өзүмдү-
Буддисттердин ушул сөзү жалгандай.

Комментариев нет:

Отправить комментарий