...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


среда, 17 июня 2015 г.

Автобуста


Оо супер! Тигил кыздын жанына отуруп калат экем. Как раз ошол эле орун бош экен.
Жакшынакай кыз экен. Кебетеси да, жашы да мага ылайык көрүнөт. Кийингени да сонун экен, жарашыктуу жана скромный болуп.
Өзүм дагы далдактабай, же оозум ачып аны карабай, тыкан, ишенимдүү басып, аккуратно барып отуруп алайын.
Таак, акырын кебетесин байкап көрөйүнчү. Оо! Китеп окуп бараткан турбайбы. Мындайды чанда көрөсүң. Кана эмне китеп экен. Мм. Детектив окшойт. Мейли. Баарыбир китеп да.
Кебетесин көрөйүн дебедим беле. Аий, бары жашнакай экен. Пропорционально дечү беле.
Эмне менен алаксып алек болсом. Тел.алып чыгайын, башка эмне болмок эле. Фбту бир сыйра карап койоюн. Ватсапты текшерип койоюн. Болду, мен да китеп окуюн. Бул кыздын китепке көз карашы түз окшойт, ботаник болуп көрүнбөйм. Отстой деп ойлобойт. Балким ал менин да китеп окуп атканымды көрсө мага көңүл буруп калабы..
Ой ушул водителдердин музыкасы! Тарсылдаган музыканы колонкасы кырылдаганына карабай дүңкүлдөтүп коюп коюптур да. Наушникти тыгайын. Сүйүктүү "Классика-млассика" деген плейлистти угуп барайын. Сырттагы музыка болбой эле угула берет экен, бирок бөлмөнүн эшигин жаап койгондой болуп кулак бираз эс алып калат экен. Жакшы болду. Кайсы китепти окусам. Отцы и Дети... Орустун мурунку жашоосу. Кой, бул болбойт азыр. Лучшая поэзия... Болбойт, тынч болгондо окубаса муну. Тренировка для ума... эмне жөнүндө эле бул? Аа, самообразование, уверенность в себе. О! Ушул болот. Балким уверенность пайда болуп, жанымдагы кыз менен таанышып алам.
Таанышсам жакшы болот эле. Кантип таанышышат билбейм. Кээ бирөөлөр мындай шаар аралык автобуста эмес, шаардагы эл толгон маршруткадан деле таанышып алышат экен. Мен эмнеге анте албайм... Тимеле аны эркине койбой ала качып бараткансып, өзү биринчи сүйлөбөсө мен сөз баштасам, ага жакпай калса деп эле тартына берем. Же балким жигити бар болсочу, мен таанышам деп ортодон чыгып жалжактап турсам деп да ойлойм. Бирок бир сөз башталып кетсе эле, кызыктуу маек курганды жакшы эле билем.
Дагы бир сааттай убакыт бар, көрөм го балким таанышам.Эгер анын таанышканга көңүлү бар экенин байкасам. Азыр бираз китеп окуюн.
Тигини бир карап койоюнчу. Ой, уктап калган турбайбы. Жакшылап карап алайынчы. Оң жагымдагылар ойгобу? Аа алар да уктап калыптыр. Арткы орундуктун ушунусу жакшы. Сени эчким көрбөйт.
Мм. Кебетеси жакшы. Менимче, өтө бай эмес, өтө жакыр эмес үйбүлөдөн. Өзүн тыкан, таза алып жүрөт экен. Прическа, кийинген стили, көп бойонбогонуна караганда официант, сатуучу же ушул сыяктуу бир кызмат көрсөтүү тармагында иштейт окшойт. Менимче, көп сүйлөбөгөн, бирок так, орду менен туура сүйлөгөн кыз. Көп күлбөйт болуш керек. Жакын адамдары менен гана ачылып, күлүп сүйлөшөт.
Ойгонду окшойт, китебин сумкасына салды. Көз карашы кандай экенин байкап көрөйүнчү. Мм. Терезени карап телмирип баратат.
Азыр жылмайганга жакын жагымдуу көз караш менен аны бир саамга токтоп карайм. Эгер жооп берип караса сөз баштайм.
Жооп болгон жок. Көзүн токтотпой эле карап өтүп кетти. Демек мен ага кызыгуу жараткан жокмун. Балким анда бирөө менен таанышуу ою жоктур. Балким чын эле жигити бардыр. Кандай болгондо да таанышуу ою калтырылат.
Мына жетчү жерге да жеттик.
Жакшы бар чоң кыз!

Комментариев нет:

Отправить комментарий