Калыңдап каптап, тунарып,
Күн бетин жапты мунарык.
Курчады туман жер бетин,
Кунарсыз дүйнө куралып.
Күн бетин жапты мунарык.
Курчады туман жер бетин,
Кунарсыз дүйнө куралып.
Аяздуу кыштын ызгаары,
Айоосуз төгүп өз каарын.
Айлана турат томсоруп,
Калгандай тоңуп бүт баары.
Айоосуз төгүп өз каарын.
Айлана турат томсоруп,
Калгандай тоңуп бүт баары.
"Карк" этип учуп топ карга,
Конушат келип ак карга.
Канаты болсо деги бар,
Кетпейби жылуу жактарга.
Конушат келип ак карга.
Канаты болсо деги бар,
Кетпейби жылуу жактарга.
Кумсарган купкуу жер бети,
Кабыккан жанды терметип,
Көңүлүм улап, муңайат.
Каргалар дагы мендейдир...
Кабыккан жанды терметип,
Көңүлүм улап, муңайат.
Каргалар дагы мендейдир...
Комментариев нет:
Отправить комментарий