Энелерди таарынтпайлы,
Таарынбайлы энелерге.
Жылуу сүйлөп кош айталы,
Алыс жакка биз кетерде.
Таарынбайлы энелерге.
Жылуу сүйлөп кош айталы,
Алыс жакка биз кетерде.
Бурулуштан буруларда,
Шашпайлычы, эч шашпайлы,
Турса карап дарбазада,
Көпкө колду булгалайлы.
Шашпайлычы, эч шашпайлы,
Турса карап дарбазада,
Көпкө колду булгалайлы.
Энекелер үшкүрүнөт,
Тынчтык бузуп таңда, кечте.
Бизди жаш баладай көрөт -
Бул талашсыз, албетте.
Тынчтык бузуп таңда, кечте.
Бизди жаш баладай көрөт -
Бул талашсыз, албетте.
Мээримди эч аябайлы,
Эркелетсе жемелебей.
Энелерди таарынтпайлы,
Таарынбайлы энелерге.
Эркелетсе жемелебей.
Энелерди таарынтпайлы,
Таарынбайлы энелерге.
Көрбөй калса куса болот.
Биз да чексиз турмуш-жолдо,
Кыйналабыз энебиз жок,
Бөбөк ырга зар болгондой.
Биз да чексиз турмуш-жолдо,
Кыйналабыз энебиз жок,
Бөбөк ырга зар болгондой.
Кел, тезинен кат жазалы,
Сөздүн асылын терели.
Энелерди таарынтпайлы,
Таарынбайлы энелерге.
Сөздүн асылын терели.
Энелерди таарынтпайлы,
Таарынбайлы энелерге.
Комментариев нет:
Отправить комментарий