Бул турмушта биз угабыз канча сөз?!...
Бирок анын эске алабыз канчасын?
Көңүл буруп, маанисине түшүнүп,
Ойлонбосок анын канча пайдасы?
Бирок анын эске алабыз канчасын?
Көңүл буруп, маанисине түшүнүп,
Ойлонбосок анын канча пайдасы?
Эчендеген алп акындар ыр жазып,
Энелерин жоктошуптур сыздашып.
Энемди эңсеп, эңшерилип олтурам,
Кеткенден соң кайра келбес кырды ашып.
Энелерин жоктошуптур сыздашып.
Энемди эңсеп, эңшерилип олтурам,
Кеткенден соң кайра келбес кырды ашып.
Мурда эле билсем эмне баркыңды,
Баалабапмын Апа өзүң бар күндү.
Мен зар болдум түшүмдө эмес, өңүмдө
Бир көрүүгө сенин нурлуу көркүңдү,
Баалабапмын Апа өзүң бар күндү.
Мен зар болдум түшүмдө эмес, өңүмдө
Бир көрүүгө сенин нурлуу көркүңдү,
Бир кармоого берекелүү колуңду,
Бир угууга эркелеткен сөзүңдү.
Мен зар болдум кучагыңа, демиңе,
Мээримиңе кайталангыз өзүңдүн.
Бир угууга эркелеткен сөзүңдү.
Мен зар болдум кучагыңа, демиңе,
Мээримиңе кайталангыз өзүңдүн.
Сен жөнүндө болду бүгүн түшүм да,
Кадимкидей, тээ мурунку учурдай.
"Чөкпө балам, ишиң сенин оңолот", –
Деп дем берип, сөзүңдү айттың ушундай.
Кадимкидей, тээ мурунку учурдай.
"Чөкпө балам, ишиң сенин оңолот", –
Деп дем берип, сөзүңдү айттың ушундай.
Дегениңде мен кол сундум калтырап,
"Келчи апа, кел мага", – деп жалдырап.
Туруп калдың унчукпастан, сумсайып,
Мен ойгондум, көздө жашым жалтырап.
"Келчи апа, кел мага", – деп жалдырап.
Туруп калдың унчукпастан, сумсайып,
Мен ойгондум, көздө жашым жалтырап.
Эми баары өзгөрбөсүн билемин,
Элесиңди жүрөгүмө илемин.
Чын жашоодо болушуңду бактылуу,
Дуба кылып, Жараткандан тилеймин...
Элесиңди жүрөгүмө илемин.
Чын жашоодо болушуңду бактылуу,
Дуба кылып, Жараткандан тилеймин...
Комментариев нет:
Отправить комментарий