Аба салкын тартып, коңур күздүн жагымдуу күндөрүнүн бири болчу. Күн түштөн өтүп калган. Эрмек дос кызы экөө бул ишти паркта кызуу талкуулап жүрүшүп, үйгө кирип келишти. Келип, бала диванга олтурду. Кыз бөлмөнүн ортосуна туруп, колдорун жаңсай сүйлөп, шашпай оюн бүтүрдү.
- Кана, мен аракет кылып көрөйүнчү, - деди Эрмек.
Денесин бош таштап, көзүн жумуп, керексиз ойлордон арылып, бармагы менен сөөмөйүн назик тийгизди. Ал өзү деле жакшы түшүнбөгөн радио толкундарбы же электро-магниттикпи, айтор, толкундар так ушул бармак менен сөөмөйүнүн ортосунан өтүп жатканын даана сезди. Көзүн ачып, эки жагын карады. Иштеп жаткан телевизор көзүнө урунду. Кайра көзүн жумду да, колунан өтүп жаткан толкундарды өзүнүн ою, эрки аркылуу телевизорду башка каналга которууга жумшады. " Экинчи каналга - жаңылыктарга бурам... жаңылыктарга... экинчи каналга..." деп ойлонуп жатты. О! Мынакей. Телевизор жаңылыктарга которулду. Эрмек бир чети таң калып, бир чети сүйүнүп кетти.
Дос кызы: - Мына, айтпадымбы!,- деп койду, жылмайып.
Эрмек дагы бир жолу текшерип көргүсү келди. Көзүн жумуп, колунан өтүп жаткан толкундарды дагы телевизорду көздөй айдады. "Музыкалык каналга,- деп ойлоду ичинен. Музыкалык каналга...". Телевизор шак которулду.
- Мына! Ушундай!,- деди кыз. - Мен кеттим, эртең жолугабыз!,- деди да, эшикти көздөй басты.
Эрмек бул жөндөмдүүлүктү дагы бир жолу текшерип көргүсү келди.
Кайрадан көзүн жумуп, толкундарды сезди да, колун кызды көздөй сунуп, аларды айдады.
Кыз эшикке эми жетип, кармагычты кармаган бойдон токтоп калды. Бир саамга токтоп турду да, артка кайрылып, баланы көздөй унчукпастан, жай басып жөнөдү. Бала аны кызыгып карап турду да, кыз жакындаганда, ага чекесин тосту. Кыз жай эңкейип, эмнегедир чекесинен эмес, эрининен өөп койду.
- Эрм-е-е-е-к!,- деп, кыз калп таарынымыш болду. Экөө бири-бирин карап жылмайып коюшту.
"Чекемден өп дедим эле го?...",- деп ичинен ойлонуп койду, бала.
Комментариев нет:
Отправить комментарий