Э. Асадов
Чогуу жаткың келген адам кандай көп,
Чогуу ойгонгуң келген адам кандай аз...
Эртең менен, коштошоордо кылчайып,
Кол булгалап, ага жылуу жылмайып,
Кечке күтүп, кабар айтат кандай деп.
Көптөр менен жашоо мүмкүн жөн гана,
Кофе ичип, кооз сөз сүйлөп, талашып...
Көлгө түшүп, көңүл ачып, санаа тынч,
Кубанычта, кайгыда да жанашып...
Баарын кылып, бирок сүйбөй, бир гана...
Кыялдарга чогуу баткың келген аз!
Катмарланган булуттарга көз салып,
Жаңы карга сүйөм деген сөз жазып,
Жалгыз гана адамыңа суктанып...
Андан өткөн бакыт эчким бере албас.
Адамдар аз, тургуң келген унчукпай,
Бир көз караш, бир сөзүңдөн байкаган,
Бергиң келген жылдан жылга чарчабай.
Баардык азап, баардык өлүм жазасын,
Алгың келген аздектелген сыйлыктай...
Жашоолору чырмалышып торлорго -
Жолугушат, алысташат оп-оңой...
Анткени, көп чогуу жаткың келгендер.
Аябай аз, чогуу ойгонсом дегендер.
Чогуу жаткың келген адам кандай көп,
Чогуу ойгонгуң келген адам кандай аз...
Чырмап салган тагдыр бизди абдан көп...
Чечилбеген түйүн болуп калганбыз.
Жаның тынбайт - жумуш... турмуш... иштер деп...
Жетем десең аныгына - тыңшагын...
Жүрсөң чуркап - көрөөрүң бул бир дене...
Жан дүйнөнү көрөм десең... тынчтангын.
Эстүү жандай, жүрөк менен тандайбыз...
Жылмаюуга коркобуз жооп бергенден,
Жан дүйнөнү биз бир гана арнайбыз -
Эртең менен чогуу ойгонгуң келгенге.
Чогуу жаткың келген адам кандай көп,
Чогуу ойгонгуң келген адам кандай аз...
Эртең менен, коштошоордо кылчайып,
Кол булгалап, ага жылуу жылмайып,
Кечке күтүп, кабар айтат кандай деп.
Көптөр менен жашоо мүмкүн жөн гана,
Кофе ичип, кооз сөз сүйлөп, талашып...
Көлгө түшүп, көңүл ачып, санаа тынч,
Кубанычта, кайгыда да жанашып...
Баарын кылып, бирок сүйбөй, бир гана...
Кыялдарга чогуу баткың келген аз!
Катмарланган булуттарга көз салып,
Жаңы карга сүйөм деген сөз жазып,
Жалгыз гана адамыңа суктанып...
Андан өткөн бакыт эчким бере албас.
Адамдар аз, тургуң келген унчукпай,
Бир көз караш, бир сөзүңдөн байкаган,
Бергиң келген жылдан жылга чарчабай.
Баардык азап, баардык өлүм жазасын,
Алгың келген аздектелген сыйлыктай...
Жашоолору чырмалышып торлорго -
Жолугушат, алысташат оп-оңой...
Анткени, көп чогуу жаткың келгендер.
Аябай аз, чогуу ойгонсом дегендер.
Чогуу жаткың келген адам кандай көп,
Чогуу ойгонгуң келген адам кандай аз...
Чырмап салган тагдыр бизди абдан көп...
Чечилбеген түйүн болуп калганбыз.
Жаның тынбайт - жумуш... турмуш... иштер деп...
Жетем десең аныгына - тыңшагын...
Жүрсөң чуркап - көрөөрүң бул бир дене...
Жан дүйнөнү көрөм десең... тынчтангын.
Эстүү жандай, жүрөк менен тандайбыз...
Жылмаюуга коркобуз жооп бергенден,
Жан дүйнөнү биз бир гана арнайбыз -
Эртең менен чогуу ойгонгуң келгенге.
Комментариев нет:
Отправить комментарий