С. Есенин
Өкүнбөймүн, кел дебеймин, кейибейм,
Өтөт баары, ак бубактай бууланып.
Кайрый албайм жаштыгымды эми мен,
Картаюунун куу түсүнө чулганып.
Өкүнбөймүн, кел дебеймин, кейибейм,
Өтөт баары, ак бубактай бууланып.
Кайрый албайм жаштыгымды эми мен,
Картаюунун куу түсүнө чулганып.
Кайыктырып кара суугу жашоонун,
Кайран жүрөк кагышың да жайлады.
Кайыңдардын өлкөсүнө ашыккан
Каалоом эми кетип калды кайдадыр.
Эркиндикти эңсеп турчу жан дүйнөм!
Эми сенин сээлдеп калган кезиңби?
Эх, жоголду сергектигим, шар жүргөн,
Эрктүү көздөр, эпкини күч сезимдер!
Жакшы тилек айтпай калдым дембе-дем,
Жашоом менин, түш көргөндөй бат белең?
Жаз таңында чаап өткөндөй өңдөнөм
Желдей сызган жээрде-кызыл ат менен.
Биз баарыбыз өтөбүз бул ааламдан,
Баригинен клёндордун бал тамат...
Бардыгына ыраазы бол ар качан,
Бир гүл ачып, өлүү деген салтанат.
Кайран жүрөк кагышың да жайлады.
Кайыңдардын өлкөсүнө ашыккан
Каалоом эми кетип калды кайдадыр.
Эркиндикти эңсеп турчу жан дүйнөм!
Эми сенин сээлдеп калган кезиңби?
Эх, жоголду сергектигим, шар жүргөн,
Эрктүү көздөр, эпкини күч сезимдер!
Жакшы тилек айтпай калдым дембе-дем,
Жашоом менин, түш көргөндөй бат белең?
Жаз таңында чаап өткөндөй өңдөнөм
Желдей сызган жээрде-кызыл ат менен.
Биз баарыбыз өтөбүз бул ааламдан,
Баригинен клёндордун бал тамат...
Бардыгына ыраазы бол ар качан,
Бир гүл ачып, өлүү деген салтанат.
Комментариев нет:
Отправить комментарий