Иосиф Бродский
Кусалык, кайгы жок, сүйүү жок,
коркуу жок, көөдөндө күйүт жок,
калгандай жарым саат өмүрүм,
калганы жалп этип күйүп, жок.
Кусалык, кайгы жок, сүйүү жок,
коркуу жок, көөдөндө күйүт жок,
калгандай жарым саат өмүрүм,
калганы жалп этип күйүп, жок.
Көрүнөт, кылчайып карасам:
көчөдө таксилер күрүлдөп,
көктү жаап оорукчан баладан
көп дарак чиркөөдө дирилдеп,
көрүнгүс ыраактан созултуп
күзөтчү жаш жоокер ышкырат,
күркүрөк роялдын добушу
күүлдөп үстүмдөн сызылат.
Кай себеп билбеймин, шарт сезем:
кароосуз калган бул диабазга
жана беш куполго бөлүп тең
калтырсам жашоомду мураска.
1962
көчөдө таксилер күрүлдөп,
көктү жаап оорукчан баладан
көп дарак чиркөөдө дирилдеп,
көрүнгүс ыраактан созултуп
күзөтчү жаш жоокер ышкырат,
күркүрөк роялдын добушу
күүлдөп үстүмдөн сызылат.
Кай себеп билбеймин, шарт сезем:
кароосуз калган бул диабазга
жана беш куполго бөлүп тең
калтырсам жашоомду мураска.
1962
Комментариев нет:
Отправить комментарий