Мелмилдеп ою терең,
Сөзү курч, акылы кең,
Мен көргөн бул түшүмдө
Миң сырдуу акын экем.
Сөзү курч, акылы кең,
Мен көргөн бул түшүмдө
Миң сырдуу акын экем.
Арнагым келип жатты,
Ыр жазып аруу жанга.
Арманым болуп тамчы
Төгүлдү бул ак жаанда.
Чымчылап муздак шамал,
Алдыдан уруп жатты.
Чыгарма жазам эгер,
Сен берсен уруксатты.
Дедим да жообуң күтүп,
Көшөрүп көпкө турдум,
А сенин кабарың жок,
Кыйнадың мен кургурду.
***
Түш көрдүм мен түшүмдө.
Ал түштө сен экөөбүз:
Токойлуу тоо ичинде,
Таптаза көңүлүбүз.
Жарыгым сага арнап,
Жакшы ыр жазам десем.
Жылмайып шыбырадың:
Жаз ырды, жаза бер сен.
Ошентип мен чоң акын,
Түшүмдөн аян алдым.
Өзүңдү ырга кошуп,
Өзгөчө бир ыр жаздым.
***
Ал ырым - ат жөнүндө.
Ат - менин аргымагым.
Ат чабыш. Тоо төрүндө.
Айдалды аттын баары.
Ал күлүгүмдүн аты
Өзгөчө - Каражүрөк,
Анткени карагердин
Кашкасы - даана жүрөк.
Дүбүртү дуу-дуу болуп,
Жебедей шамал жиреп,
Топ бузуп, алга озуп,
Суурулду Кара жүрөк.
Тамшанып кары-жашы,
Талыкпай жатты сүрөп,
Кыйкырык кулак жарып:
Каражүрөк!
Каражүрөк!
***
Каражүрөк атап атты,
Мен сага белги бергем.
Кайгылуу махабатты
Ушинтип белгилегем.
Даң салып сызды атым,
Даңкталып тунук сүйүү.
Күлүп да ыйлап жаттым:
Сүйүүбүз биздин тирүү!
Сен дагы угуптурсуң
Каражүрөк уткандыгын.
Бардыгын туюптурсуң:
Бул менин каткан сырым.
Ыр жазып аруу жанга.
Арманым болуп тамчы
Төгүлдү бул ак жаанда.
Чымчылап муздак шамал,
Алдыдан уруп жатты.
Чыгарма жазам эгер,
Сен берсен уруксатты.
Дедим да жообуң күтүп,
Көшөрүп көпкө турдум,
А сенин кабарың жок,
Кыйнадың мен кургурду.
***
Түш көрдүм мен түшүмдө.
Ал түштө сен экөөбүз:
Токойлуу тоо ичинде,
Таптаза көңүлүбүз.
Жарыгым сага арнап,
Жакшы ыр жазам десем.
Жылмайып шыбырадың:
Жаз ырды, жаза бер сен.
Ошентип мен чоң акын,
Түшүмдөн аян алдым.
Өзүңдү ырга кошуп,
Өзгөчө бир ыр жаздым.
***
Ал ырым - ат жөнүндө.
Ат - менин аргымагым.
Ат чабыш. Тоо төрүндө.
Айдалды аттын баары.
Ал күлүгүмдүн аты
Өзгөчө - Каражүрөк,
Анткени карагердин
Кашкасы - даана жүрөк.
Дүбүртү дуу-дуу болуп,
Жебедей шамал жиреп,
Топ бузуп, алга озуп,
Суурулду Кара жүрөк.
Тамшанып кары-жашы,
Талыкпай жатты сүрөп,
Кыйкырык кулак жарып:
Каражүрөк!
Каражүрөк!
***
Каражүрөк атап атты,
Мен сага белги бергем.
Кайгылуу махабатты
Ушинтип белгилегем.
Даң салып сызды атым,
Даңкталып тунук сүйүү.
Күлүп да ыйлап жаттым:
Сүйүүбүз биздин тирүү!
Сен дагы угуптурсуң
Каражүрөк уткандыгын.
Бардыгын туюптурсуң:
Бул менин каткан сырым.
Комментариев нет:
Отправить комментарий