Жылдыздардай бийик боло албадым
Булактардай тунук боло албадым
Бир берилген аруулукту сактабай
Пендемин деп өзүмдү өзүм алдадым
Бактылуулук деп айтышат. Ал кандай?
Бакыт, балким, ар адамда ар кандай
Бакытты эңсеп, күтүп жүрүп күн- түнү
Бирок аны таба албадым, арман ай!
Көз жаштарым жамгыр болуп жаай албай
Көкүрөктө көксөөм канып, жай албай
Жаным сыздап Жаратканга жалынам
Жан дүйнөмө жагар даба таба албай
Булактардай тунук боло албадым
Бир берилген аруулукту сактабай
Пендемин деп өзүмдү өзүм алдадым
Бактылуулук деп айтышат. Ал кандай?
Бакыт, балким, ар адамда ар кандай
Бакытты эңсеп, күтүп жүрүп күн- түнү
Бирок аны таба албадым, арман ай!
Көз жаштарым жамгыр болуп жаай албай
Көкүрөктө көксөөм канып, жай албай
Жаным сыздап Жаратканга жалынам
Жан дүйнөмө жагар даба таба албай
Комментариев нет:
Отправить комментарий