...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


четверг, 1 июня 2017 г.

Гете - Куткаруу

"Сүйгөнүмө мен алдандым!" -
Суудагы ташка туруп алып,
Сүйлөп жаттым, ызаландым:
Суу түпкүрү турду тартып.


Көздөн ачуу жаш кылгырып -
Көңүл кирдеп ыйлап турдум,
Көйгөйүмдү күм-жам кылып
Келди сууга боюм ургум.

Алдымда суу айлампасы.
Жаным турду кыл учунда.
Артымдан үн чыкты капыс:
"Тайып кетпе кыр учунан!"

Терең ойдон мен ойгондум:
Теңдешсиз бир кыз, келишкен!
"Ким болду экен атың, сулуу?" -
"Кете!"
"О Кете, периштем! "

"Тартууладың жашоо демин!
Тартып алдың мени өлүмдөн!
Ыраазымын, бирок - менин
Ырахатым болчу өмүрдө!"

Айтып бердим кайгымды ага.
Ал үшкүрдү, аяп мени.
Өөп койдум. Ыктайт мага,
Өлүмдү каалабайм эми!

Комментариев нет:

Отправить комментарий