...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


среда, 1 февраля 2017 г.

Чынында, сүйбөйсүң, аябайсың,
Чырайым же жакпай калдыбы?
Калтаарып, жүзүмө карабайсың,
Колдоруң ийниме артылып.


Жапжашсың, эриниң жалындуу,
Жок менде оройлук, жок мээрим.
Кана айтчы, канчооно жалындың?
Канча кол эсиңде? Канча эрин?

Аңдаймын - сезбестен отуңду,
Алардын дайынсыз кеткенин,
Ар кимдин алдында олтуруп,
А азыр алдымда сен менин.

Мейличи, көздөрүң сүзүлүп
Мени эмес, башканы ойлонсоң,
Мен деле сени көп сүйбөймүн,
Магдырайм өткөндү ойлоодон.

Тагдыр деп ойлобо жалынды,
Туруксуз бул ысык мамиле, -
Кокустан мен сага кабылдым,
Коштошом жылмайып, жай эле.

Өзүң да түшөсүң жолуңа
Өтөсүң суз күндөр сазына,
Өбүлө электи тооруба,
Өрттөлө электи азгырба.

Көчөдө, сүйүүнү сөз кылып
Келатсаң башканы сен жандап,
Алдыңдан сейилдеп, мен чыгып,
А балким, жолугам кайтадан.

Ийнине ыкталып сен бийкеч
Ийиле билинер-билинбес,
Иймене, сен айтсаң: "Кутман кеч..."
Мен сага: "Кутман кеч сизге, miss".

Эч нерсе ичиңден кыйнабайт,
Эч нерсе жүрөктү туйлатпайт, -
Ким сүйсө, ал кайра сүйө албайт,
Ким күйсө, ал кайра тутанбайт.

С. Есенин

Комментариев нет:

Отправить комментарий