Бактылуу болуу -
өзүңдүн ишиң дейт досум,
Бейкапар жүрбөй
жаман ой неге ойлойсуң.
Жаныңды кыйнап
ойлонгон менен пайда жок,
Өзүңдү өзүң
эмнеге антип кордойсуң.
Каниет кылып,
жан дүйнөң тынчымайынча,
Кандай иш кылба
бактылуу такыр болбойсуң.
өзүңдүн ишиң дейт досум,
Бейкапар жүрбөй
жаман ой неге ойлойсуң.
Жаныңды кыйнап
ойлонгон менен пайда жок,
Өзүңдү өзүң
эмнеге антип кордойсуң.
Каниет кылып,
жан дүйнөң тынчымайынча,
Кандай иш кылба
бактылуу такыр болбойсуң.
Бактылуу болуу -
бул сенин жеке тандооң дейт,
Көйгөйдү керек
жүрөккө жакын албооң дейт.
Жардамы тийбейт
аларды канча ойлонбо,
Ойлонгон сайын
жаман ой жаның койбой жейт.
Бактылуу кылгың
келсе эгер жакындарыңды,
Баарынан мурда
бактылуу өзүң болгон эп.
бул сенин жеке тандооң дейт,
Көйгөйдү керек
жүрөккө жакын албооң дейт.
Жардамы тийбейт
аларды канча ойлонбо,
Ойлонгон сайын
жаман ой жаның койбой жейт.
Бактылуу кылгың
келсе эгер жакындарыңды,
Баарынан мурда
бактылуу өзүң болгон эп.
Кабагың түйбөй,
жайдары дайым жүргүн дейт,
Көтөрүп көңүл,
жаркылдап дайым күлгүн дейт.
Жылмайып жүрсөң
жаныңда жүргөн адамда,
Жагымдуу маанай
жаралат, аны ким билбейт.
Ар дайым жүрсөң
көйгөйдү ойлоп, ой басып,
Акыры жүрүп
жабыркап денең, дил кирдейт.
жайдары дайым жүргүн дейт,
Көтөрүп көңүл,
жаркылдап дайым күлгүн дейт.
Жылмайып жүрсөң
жаныңда жүргөн адамда,
Жагымдуу маанай
жаралат, аны ким билбейт.
Ар дайым жүрсөң
көйгөйдү ойлоп, ой басып,
Акыры жүрүп
жабыркап денең, дил кирдейт.
Сен андан көрө
көрүп жүр дайым жакшыны,
Себепсиз эле
кыйнала берсең жакшыбы.
Карачы кандай
кооз кылган баарын Жараткан,
Көз менен көрүп,
кубануу үчүн жалпыбыз.
Жан дүйнөң муну
сиңирген кезде өзүнө,
Көрөсүң жарык
жашоонун жалаң жаркынын.
көрүп жүр дайым жакшыны,
Себепсиз эле
кыйнала берсең жакшыбы.
Карачы кандай
кооз кылган баарын Жараткан,
Көз менен көрүп,
кубануу үчүн жалпыбыз.
Жан дүйнөң муну
сиңирген кезде өзүнө,
Көрөсүң жарык
жашоонун жалаң жаркынын.
Мына ушундай
асыл сөз уктум досуман.
Макулмун ага,
сөзүнө мен да кошулам.
Антсе да бирок
аракет кылып, алышып,
Арыла албай
армандуу ойдун отунан,
Анализ кылып
ар кандай жашоо сүртүмүн,
Асманды тиктеп,
бакчада ойлуу отурам.
асыл сөз уктум досуман.
Макулмун ага,
сөзүнө мен да кошулам.
Антсе да бирок
аракет кылып, алышып,
Арыла албай
армандуу ойдун отунан,
Анализ кылып
ар кандай жашоо сүртүмүн,
Асманды тиктеп,
бакчада ойлуу отурам.
Комментариев нет:
Отправить комментарий