...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


суббота, 18 апреля 2015 г.

Жапжашыл жаз курчаган айлананы.
Жайдары, жүзүң буруп жай карадың,
Жалжылдап жайнап турган каректериң,
Жүрөктү жипсиз эле байлап алды.
Кызарып күн баратты кырдан ашып,
Кош чымчык учуп өттү кубалашып.
Көргөндө күлмүңдөгөн көздөрүңдү,
Көөдөндө жүрөк туйлап, болдум ашык.
Таш жолдо жай бараттык, аңыз жээктей,
Таанышып, сөз баштоого эрким жетпей,
Тартынчаак мүнөзүмө таарынгандай,
Улутундум, мен өзүмдү өзүм жектей.

Комментариев нет:

Отправить комментарий