Күн уядан көтөрүлүп, күн батып,
Ай жаркырап жолго чыгат түн катып.
Андан бөлөк адам туйчу белги жок,
Көрүнбөгөн закым тура убакыт.
Ай жаркырап жолго чыгат түн катып.
Андан бөлөк адам туйчу белги жок,
Көрүнбөгөн закым тура убакыт.
Убакытка жетемин деп кубалап,
Убараны тартып тынбай суу агат.
Өмүр өтөт аккан суудай токтобой,
Өмүрүнө тойбойт адам-сугалак.
Убараны тартып тынбай суу агат.
Өмүр өтөт аккан суудай токтобой,
Өмүрүнө тойбойт адам-сугалак.
Аз өмүрдү көптөй кылып сездирген-
Адамдагы кыял, максат деп билем.
Максаты өлгөн, кыялы өчкөн шордуулар,
Эч жакшылык күтпөй калат эч кимден.
Адамдагы кыял, максат деп билем.
Максаты өлгөн, кыялы өчкөн шордуулар,
Эч жакшылык күтпөй калат эч кимден.
Алар менен иши болбойт эч кимдин,
Аларга да нурун төгөт көктөн күн.
Алар үчүн токтогондой убакыт,
Кучагында жашап калат өткөндүн.
Аларга да нурун төгөт көктөн күн.
Алар үчүн токтогондой убакыт,
Кучагында жашап калат өткөндүн.
Комментариев нет:
Отправить комментарий