...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


суббота, 28 марта 2015 г.

Кайгылуу кино кээде көрүп алып,
Кайдыгер болбой чындап көңүлгө алып,
Кайгырчу өз башынан өткөргөндөй,
Көздөрүн жашылдантып, бир муңайып.
Каарман ыйласа эгер кошо ыйлап,
Көзүнөн жашын аарчып, ичи сыздап.
Чын дилден терс каарманды жаман көрүп,
Олтурчу алда нени күбүрөнүп.
Анда мен жаш экенмин түшүнбөгөн,
Жашоонун өйдө-ылдыйын түк билбеген.
Арманды ойлонбогон кезим экен,
Дүйнөмдүн телегейи тегиз экен.
Көрүп апам киного берилгенин,
Жүрөккө жакын алып, кейигенин
"Бул кино да, апа!",- деп күлчү элем,
Өзүмдү эстүү сезип жүрчү элем.
Көрсө апам энесиз жетим болуп,
Мээримге зар күйүтү ичке толуп.
Жүрөгү мусапырдай муңдуу тура,
Дүйнөсү сур булуттуу, ыйлуу тура.
Муңдуу кино көргөндө эми өзүм,
Жашка толуп кылкылдап эки көзүм.
Көз алдыма тартылып нур элеси,
Эстей калам апамдын ошол кезин.
Жаш кылгырып, көздөрүм туманданып,
Бозго айланып, айлана ылайланып.
Чөгүп кетем көз жаштын деңизине,
Кулак дуулдап деңиздин тереңинде.

Комментариев нет:

Отправить комментарий