Томас Мур
Кечки обон, кечки обон!
Канча ойлорду козгогон,
Жаштыгым, үйүм, жыргалым -
Мен уккан соңку ырларың.
Канча ойлорду козгогон,
Жаштыгым, үйүм, жыргалым -
Мен уккан соңку ырларың.
Андагы шаңдуу күн өткөн:
Өтүшкөн өткүр жүрөктөр.
Унчукпай кепин оронуп,
Угушпайт кечки обонду.
Өтүшкөн өткүр жүрөктөр.
Унчукпай кепин оронуп,
Угушпайт кечки обонду.
Мен о дүйнө кеткен убакта:
Кагылып күү бир ыргакта,
Башкалар басып бул жолду,
Ырдашат кечки обонду!
Кагылып күү бир ыргакта,
Башкалар басып бул жолду,
Ырдашат кечки обонду!
Комментариев нет:
Отправить комментарий