Көк чийген мөңгүлөрдөн башат алып,
Көбүктөп Узун-Акмат келет агып.
Жанында буркан түшкөн бул чоң суунун,
Жайгашкан туулган айылым - Чоң-Арык.
Көбүктөп Узун-Акмат келет агып.
Жанында буркан түшкөн бул чоң суунун,
Жайгашкан туулган айылым - Чоң-Арык.
Алыска алып кетип жашоо шары,
Арадан өттү өмүрдүн ай-жылдары.
Жеткинчек бала кезде кеткен бойдон,
Жетилип, жигит болуп кайтып бардым.
Арадан өттү өмүрдүн ай-жылдары.
Жеткинчек бала кезде кеткен бойдон,
Жетилип, жигит болуп кайтып бардым.
Барганда жүрөгүм бир туйлап алды,
Балалык кезим менин кайда калды?!
О, ал кез башкача эле, азыр башка!
Ойлорум ал күндөргө айдап барды:
Балалык кезим менин кайда калды?!
О, ал кез башкача эле, азыр башка!
Ойлорум ал күндөргө айдап барды:
Көчөлөр, биз ойногон кубалашып,
Көрүнчү ат чабымдай аяк-башы.
Денемдин мүчөсүндөй тааныш эле,
Дөмпөйүп чыгып турган ар бир ташы.
Көрүнчү ат чабымдай аяк-башы.
Денемдин мүчөсүндөй тааныш эле,
Дөмпөйүп чыгып турган ар бир ташы.
Кар эрип, жаз келгенде теребелге,
Чурулдап, байчечекей теребиз деп
Чыкчубуз тигил турган адырларга,
Жаз сайын ал күндөрдү келем эстеп.
Чурулдап, байчечекей теребиз деп
Чыкчубуз тигил турган адырларга,
Жаз сайын ал күндөрдү келем эстеп.
Караңгы калың каптап, түн киргенде,
Карайган бак үстүнөн жезкемпирлер
Шыпыргы минип учуп келатканда,
Шашылып үйгө кирчүм мен жеткирбей.
Карайган бак үстүнөн жезкемпирлер
Шыпыргы минип учуп келатканда,
Шашылып үйгө кирчүм мен жеткирбей.
Көз салып күнгөйдөгү алп тоолорго,
Козголбой тиктеп, батчумун ойлорго:
"Ал тоонун чыксаң эгер чокусуна,
Көрөсүң дүйнө элин - баары ошондо!"...
Козголбой тиктеп, батчумун ойлорго:
"Ал тоонун чыксаң эгер чокусуна,
Көрөсүң дүйнө элин - баары ошондо!"...
Байырлап менин байоо балалыгым,
Башкача бир сыйкыры бар айылым.
Ар дайым эсимдесиң. Аман болсом,
Арналар дагы өзүңө далай ырым...
Башкача бир сыйкыры бар айылым.
Ар дайым эсимдесиң. Аман болсом,
Арналар дагы өзүңө далай ырым...
Комментариев нет:
Отправить комментарий