Мен жаштарга айткым келет,
Айтпа өзүңдү бактысыз деп,
Ата -энең бар болсо эгер жаныңда,
Тагдырыңа такыр, такыр таарынба.
Айтпа өзүңдү бактысыз деп,
Ата -энең бар болсо эгер жаныңда,
Тагдырыңа такыр, такыр таарынба.
Айла таппай, ойлогонду кыла албай,
Кыйналсаң да жакшы жашоо кура албай,
Мунун баары кайгырууга болбойт себеп,
Ата -эне— Жараткандан баасыз белек.
Кыйналсаң да жакшы жашоо кура албай,
Мунун баары кайгырууга болбойт себеп,
Ата -эне— Жараткандан баасыз белек.
Ийгилик да, байлык дагы келет, кетет.
А ата-энеңе сенин жакшы жүргөнүң,
Кубанганың, кайгырбай эч, күлгөнүң,
Ушул гана, ушул керек.
А ата-энеңе сенин жакшы жүргөнүң,
Кубанганың, кайгырбай эч, күлгөнүң,
Ушул гана, ушул керек.
Ошондуктан ыраазы бол барына,
Оокатыңдын көбүнө да, азына.
Ынсаптуу бол, сабырдуу бол,
Ыймандуу бол, кайрымдуу бол дайыма.
Оокатыңдын көбүнө да, азына.
Ынсаптуу бол, сабырдуу бол,
Ыймандуу бол, кайрымдуу бол дайыма.
Комментариев нет:
Отправить комментарий