Жергеси ак эмгекти сүйгөн элдин,
Жагымдуу, салкынындай таңкы желдин.
Жакшы сөз айтып сага, коштошууга,
Жээгине улуу Хандын басып келдим.
Жагымдуу, салкынындай таңкы желдин.
Жакшы сөз айтып сага, коштошууга,
Жээгине улуу Хандын басып келдим.
Көпүрө, темир жолдун түрмөгү бар,
Көйкөлүп, көк мелжиген үйлөрү бар.
Көңүлдү ачуучу жай, оюн-зооктун,
Көрүүгө көп-көптөгөн түрлөрү бар.
Көйкөлүп, көк мелжиген үйлөрү бар.
Көңүлдү ачуучу жай, оюн-зооктун,
Көрүүгө көп-көптөгөн түрлөрү бар.
Кен байлык кенедей да жок болсо да,
Кең таштап кадамыңды, арыш алдың.
Аракет, акыл, билим арты менен,
Алдынкы өлкөлөргө жанаша алдың.
Кең таштап кадамыңды, арыш алдың.
Аракет, акыл, билим арты менен,
Алдынкы өлкөлөргө жанаша алдың.
Алыстан, Ала-Тоодон учуп келдик,
Таңгалдык, биз суктандык, бали дедик.
Тынымсыз мээнет кылса, акыл менен,
Өнүксө болорлугун билдик, сездик.
Таңгалдык, биз суктандык, бали дедик.
Тынымсыз мээнет кылса, акыл менен,
Өнүксө болорлугун билдик, сездик.
Корея, жазгы күндөй жаркыраган,
Жакшы ой, жаркын күндөр тартуулаган.
Баарына, баары үчүн ыраазымын,
Баш ийип корейлерче, "камса" айтам..
Жакшы ой, жаркын күндөр тартуулаган.
Баарына, баары үчүн ыраазымын,
Баш ийип корейлерче, "камса" айтам..
Комментариев нет:
Отправить комментарий