Өмүрдөгү ыйык тумарым,
Өзүңдү эстеп бүгүн турамын...
Өзүңдү эстеп бүгүн турамын...
Өзүң айтчу "эки улагың",
Эрке Урматың жана Уланың
Эрезеге жеткен кезинде,
Өтүп кеттиң көрбөй убайын.
Эрке Урматың жана Уланың
Эрезеге жеткен кезинде,
Өтүп кеттиң көрбөй убайын.
Күн артынан ээрчип күн өтө,
Элес болдуң өчпөс жүрөктө...
Элес болдуң өчпөс жүрөктө...
Энчи кылып бүгүн Кудайым,
"Эрке улагың" тапты жубайын.
Бакыт болуп баскан жолдору,
Өмүр сүрсүн алар ылайым.
"Эрке улагың" тапты жубайын.
Бакыт болуп баскан жолдору,
Өмүр сүрсүн алар ылайым.
"Сен болгондо..." деген ой келип,
Кыңырылам ичтен, телмерип...
Кыңырылам ичтен, телмерип...
Комментариев нет:
Отправить комментарий