...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


суббота, 28 сентября 2013 г.

Эсимде сүйгөнүм, эсимде

Эсимде, сүйгөнүм, эсимде
Кундуздай чачың, кулпурган...
Көңүлсүз жана оор болду эле 
Аргасыз, сени калтырган.

Эсимде түндөрү ал күздүн,
Көлөкө кайыңдан шуулдап...
Кыскараак болсо да күндүз күн,
Шооласын төкчү ай узак.
Эсимде сен мага айтканың:
"Кырчындай бул жылдар өтүп,
Унутасың мени, ардагым,
Башканы жандап, түбөлүк".
Гүлдөгөн липалар бул күнү
Түшүрдү кайра жадыма,
Мен назик себелеп гүлдөрдү
Буралган коюу чачыңа.
Жүрөгүм муздабай таптакыр,
Башканы сүйөт көңүлсүз.
Жактырган чыгарма сыңары,
Ал менен эстейм өзүңдү.

С. Есенин

Комментариев нет:

Отправить комментарий