...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


пятница, 9 мая 2014 г.

Күткүн мени , кайтып келем,

Күткүн мени , кайтып келем, 
Күткүн аябай, 
Күткүн мени кайгы сепкен 
Жаанга карабай,
Күт, жааганда кар удургуп, 
Күткүн аптапта,
Башкаларды унутушуп,
Күтпөй калса да...
Күткүн каттар алыстардан
Келбей калганда,
Чогуу күтүп жатышкандар
Бүт жадаганда ...
Күткүн мени кайтып келем,
Ажалга өчөшүп,
Айтсын мени күтпөгөн эл:
- Жолдуу экен!,- дешип,
Күтпөгөндөр түшүнүшпөйт,
Оттон жалындан
Мени өзүң күтүп жүрүп
Куткарганыңды!
Кантип тируу калгандыгым
Бир бизге маалым,-
Эчким күтө албаганда
Сен күтө алдын...

К. Симонов

Комментариев нет:

Отправить комментарий