...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


суббота, 2 июня 2012 г.

Казан асман

Бакыт чачып, бир ыйлап, бирде күлүп,
Бала кезде кыялдар кандай күлүк:
Жылдыз чыгып, түн кирип калган кезде, 
Турчу асманда чоң казан көмкөрүлүп.

Жымыңдаган жылдыздар тешик болуп,

Сезилчү эле сыйкырдуу эшик болуп.

Жылдар өтүп токтобой, биз жетилдик,
Бул жашоону үйрөндүк, сырын чечтик.
Балалыктын элеси жомок болуп,
Ачуу- таттуу турмуштун суусун кечтик.
Түгөнбөстөй жашоонун сыры эч качан..
Түбөлүк көк мейкиндик, чексиз асман.
Бүгүн кечте мен чыгып көз чаптырсам,
Көмкөрүлүп туруптур шол чоң казан.
Жымыңдаган жылдыздар тешик болуп,
Сезилчү эле сыйкырдуу эшик болуп...

Комментариев нет:

Отправить комментарий