Куу жыгачтар арасынан бир үкү
Күңгүрөнөт, декабрь да бүтүүдө;
Көлөкөлөр көөдөнүңө түшүүдө
Көйгөйлөрдөн сен эстеген бүгүнкү.
Санап жүргөн, учуп өткөн күндөрдүн,
Самайсыңбы кайра келип калуусун?
Келечекте, жаркын жана аруусу
Канча болот; а канчасы бүркөк күн?
Ошондуктан, өткөрө бер жылдарды.
Бир өбүшүү сарптайт канча ыйларды,
Бир тал роза камтыйт канча тикенек!
Өтүп жатса убакыт - бул жакшылык;
Өлүмгө эч койбош керек кайгырып,
Анткени өмүр - арзыбаган бир белек.
François Coppée
Күңгүрөнөт, декабрь да бүтүүдө;
Көлөкөлөр көөдөнүңө түшүүдө
Көйгөйлөрдөн сен эстеген бүгүнкү.
Санап жүргөн, учуп өткөн күндөрдүн,
Самайсыңбы кайра келип калуусун?
Келечекте, жаркын жана аруусу
Канча болот; а канчасы бүркөк күн?
Ошондуктан, өткөрө бер жылдарды.
Бир өбүшүү сарптайт канча ыйларды,
Бир тал роза камтыйт канча тикенек!
Өтүп жатса убакыт - бул жакшылык;
Өлүмгө эч койбош керек кайгырып,
Анткени өмүр - арзыбаган бир белек.
François Coppée
Комментариев нет:
Отправить комментарий