...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


понедельник, 25 января 2010 г.


Эсеби жок сансыз ойлор
Эчендеген ой толгоолор
Калсын ушул барактарда
Балким кийин кызык болор

Өтө ылдам биздин жашоо
Өтүп жатат күндөр шашып
Эс алууга убакыт жок
А жаштык барат бизден качып

Достор менен көңүл ачуу
Чер жазыша көп сырдашуу
Кайда ушул өмүр балы?
Неге биздин мезгил ачуу?

Бизден кетпейт мээни жеген
Суроо кантип жашайм деген
Акча табуу, тамак табуу
Жашоо маңызы ушул беле?

Комментариев нет:

Отправить комментарий