Жакшы менен жамандын айырмасын,
Жаштайыман акылга куйган апам.
Жакшы адам болсо деп карбаластап,
Жаман жолго бастырбай тыйган апам.
Жаман жорук жасасам жаңылышып,
Капа болуп кабагын түйгөн апам.
Жемишине ишимдин жетине албай,
Жылуу сылай маңдайдан сүйгөн апам.
Комментариев нет:
Отправить комментарий