Жибектин бүгүнкү райборборго болгон сапары өзгөчө болду. Анын атасы колхоздун чабаны. Жыл сайын күзгө жакын, атасы базарга жалгыз эле барып, балдарына мектепке керектүү майда-чүйдөсүн, кийим-кечесин даярдап келчү. Быйыл кызым 11-класс болуп чоңоюп калды, өзү барып тандап алсын, шаарды да көрүп келсин деп апасы Жибекти кошуп жиберген.
Кумурсканын уюгун элестетип, адамдар каршы-терши агылган чоң базардын ичинен Жибек менен бир боз уландын көздөрү чагылыша түшүп, бир саамга тиктеше калышты. Ошол замат экөөнүн тең көздөрү жайнап, ууртунан жылмайышып, бирок бири-биринен көзүн албай узата карап, токтобой өтүп кетишти.
Райборбордон келишип, атасы базарлык салынган куржунду атына артып, Жибекти артына учкаштырып, түз эле айылдан он чакырымдай ыраак жайгашкан күздөөсүнө жөнөштү. Сай бойлой кеткен бир таман жол менен жүрүп отуруп, айдарым жел соккон кырга чыгышты. Калдайып күндү тосуп, көлөкө түшүргөн бийик тоолор тараптан келген, мурун өрдөгөн гүлдөр менен чөптөрдүн аңкыган жытына көңүлү көтөрүлө түштү белем, унчукпай келаткан атасы билинер-билинбес кыңылдап обон созуп калды. Жибек болсо, аттын ыргагына чайпалып, ар жерде сербейген аткулак менен шыбактан башка жарытылуу чөп өспөгөн, таштуу жерди телмире тиктеп, алда нелерди кыялданып келе жатты.
Бүгүн көргөн жаш жигит анын эси-дартын ээлеп алды. Бул ойлорунан өзү уялып, бирөө билип койбосун деп чочулап, шыпылдап иш кылып жүрдү. Түн кирип, уктоочу убак болгондо, төшөктө жатып алып, ал баланын сырдуу жылмайганын элестетип, алдыда ал экөөнү бактылуу күндөр күтүп тургандай сезилип, толкунданып жатты. "Кызык, өмүрүмдө бир гана жолу көргөн адамга карата ушунчалык жакындыкты сезгеним эмнеси? Ушул бойдон кайра жолукпай калбайбызбы? Эчкимге айта албаган сырымды - "кош жашоом" жөнүндө ага айта аламбы?" Мына ушуларды ойлонуп, түйшөлүп жатып, уйкуга көзү илинди.
* * *
Көздөрү жумулуп, жаңы гана уйкуга сүңгүп кирер замат, уйкусу толук канып, көзү умачтай ачылды. Ойгонору менен төшөктөн дароо турбай, ал жигитти көпкө чейин ойлонуп, жүрөгү өрөпкүп, көңүлү алып учуп жатты. Акыры, "болду, мындан ары бул жакты түш деп, тигил жакты өңүм деп эсептейм" деп, көптөн бери чече албай жүргөн маселесине чекит коюп, өзүнчө бир бүтүмгө келди. Кадимкидей жеңилдеп, ордунан ыргып турду да, парданы эки тарапка түрүп таштап, терезени ачты. Агылып кирген таңкы салкын абадан кере дем алып, ого бетер маанайы көтөрүлө түштү. Жаңыдан ойгонуп келе жаткан шаарга суктана карап, жакын эле жерде сайрап жаткан булбулдун кубулжуган мукам үнүнө магдырай кулагын төшөдү.
Бул жашоосунда анын аты - Алина. Атасы университетте мугалим, апасы тиш доктур, бир иниси бар. Бишкекте жашашат.
Бул кыздын жашоосу ушундай. Кош жашоо. Биринде 1978-жыл болсо, экинчисинде 2018-жыл. Качан жана эмнеден улам мындай болуп калганын өзү да билбейт. Ар күнү кечинде уйкуга киргенде, экинчи жашоосунда ойгонуп, ал жактан уктаса бул жашоосунан ойгонот. Кайсынысы өңү, кайсынысы түшү экени белгисиз. Учурда кайсыл жашоосун жашап жатса, ошонусу чындай, беркиниси түш сымал сезилет. Эки жакта тең өзүн кадимкидей эркин сезип, эки үй-бүлөсүн тең бирдей жакшы көрөт.
Алина кружкасына кофе даярдап келип, компьютерге олтурду. Фейсбукту ачса, бейтааныш жигит достук сунуштаптыр. Анын баракчасын көрүп, Алинанын оозу ачылып карап туруп калды. Өзү жөнүндө бир да маалымат жок, аты-жөнү UМ74 деп турат, бирок профилиндеги сүрөттө берки жашоосунда кечээ базардан кездешкен баланын сүрөтү экен. Саргайып бараткан, ак-кара түстөгү эски сүрөттү сканерден өткөрүп чыгарганы билинип турат. Алина достукту кабыл алды. Кабыл алары менен, жигит онлайн экен, жеке куржунга кат жазды:
07:52 Салам Алина!
07:52 Салам!
07:52 Мени көрүп таң калдыңбы? :)
07:53 Ооба, таң калып турам :)
07:53 Сен менден кача албайсың )))
(Алина таңыркап, бир жагынан коркуп да кетти. Эмне деп жазарын билбей, ойлонуп туруп калды).
07:54 Коркпо Алина.
07:54 Сен кимсиң?
07:54 Мен сыйкырчымын :)
07:55 Алина, экөөбүз жолугушубуз керек, кандай дейсиң?
07:57 Каерден?
07:57 Сен каалаган жерден.
07:57 Кааласаң үйүңдүн жанындагы сейил бактан.
07:58 Сен менин үйүмдү билесиңби?
07:58 Албетте. Мен сен жөнүндө баарын билем :)
08:01 Алина?
08:03 Макул. Саат 11де. Сейил бактагы менин сүйүктүү отургучумда.
08:03 Жарайт, күтөм!
***
Алина отургучка жакындаганда, башка эле бир сүйкүмдүү жигит отурган экен, ордунан тура калып, ага жылмайып, колундагы кооз жасалган кыска гүлдестени сунду. Алина аны карап, таңыркап туруп калды. Жигит ойлонбой кылып алганын сезе калып, гүлүн сунган калыбында бир саамга ойлонуп, олуттуу көз караш менен ага карады да, кайрадан жылмайды.
- Бул мен U... Урмат. Сага жолугууга келген жигит. Фейсбуктан сүйлөшкөн...
Алина мени тамашага салып жатышабы дегендей, айланасындагы элди карады. Эч ким аларга көңүл бурган жок.
- Кел, отур. Мен сага түшүндүрүп берейин. - деди жигит.
Экөө отургучка олтурушту. Алина дагы деле шектүү карап жатты.
- Бул мындай, Алина. Мм-м... Эмнеден баштасам. Мен сени жакшы билем.
Алина аны суроолуу карады.
- Ооба. Жибекти да билем.- Жигит табышмактуу жылмайды. - Базардан жолуккан мен болчумун. Фейсбуктан тааныбай калбасын деп ошол сүрөттү атайын койгом. Антпесем достукту кабыл албай коюшуң мүмкүн болчу да, туурабы?
Жибек үн каткан жок.
- Мен өзүм жөнүндө айтып берейин, биринчи. Менин атым UМ74. Же Урмат деп койсоң болот. 2148-жылдан келдим. Жашым жыйырма төрттө, 2124-жылы туулгам. Тагыраагы, ошондо төрөлөм.
Ишенип жатабы дегендей, Алинага сүйлө дегенсип суроолуу жылмайды. Алина анын ар бир сөзүн талдап, азырынча ишенер-ишенбесин билбей, бирок баарын билгиси келип, кызыгуу менен угуп жатты.
- Угуп жатам.- деди олуттуу түр менен.
- Мындан бир кылым кийинки келечекте илим өнүгүп, адамзат технологиянын жардамы менен жаратылыштын сырларын ачып, жер үстүндөгү көптөгөн табышмактарды чечип, ал гана эмес адамдын келечеги менен өткөнүн өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
- Убакыт машинасын ойлоп табыштыбы?
- Жок... Убакыт дегенибиз, анын өтүп жатканы бул салыштырмалуу гана нерсе. Адамдын биологиялык денеси гана убакытка баш ийип, жок болуп кеткени болбосо, анын өмүр жолу толук жазылып, сакталып калат.
- Компьютердин эс-тутумуна сакталгандайбы?
- Компьютердин эс-тутуму бул азыркы учурдагы эң өнүккөн эс-тутум болуп саналып жатканы ырас. Бирок муну азыр силер тарыхтан билген байыркы таш жазууларга салыштырып койсок болот. Маалыматты сакташ үчүн мындай көлөмдөгү нерселер керектелбейт. Ал фотон, нейтрино, жана андан да майда микробөлүкчөлөргө көчүрүлүп, ар түрдүү жыштыктагы толкундар аркылуу абага тарап кетет. Аны кайра каалаган убакта абадан чогултуп алууну адамдар кванттык механиканы жана нейробиологияны өнүктүрүп отуруп үйрөнүшөт. Абада адам баласы жаралгандан берки ойлорду, окуяларды камтыган баардык маалымат бар. Ар бир адамдын өмүрү - бул өзүнчө маалымат уюткусу, өзүнчө дүйнө. Сен мени түшүнүп жатасыңбы?
- Жок, буларды түшүнүүгө менин билимим жетишсиз көрүнөт. Андөн көрө мен эмнеге эки дүйнөдө жашап жатканымды, сен өзүң кантип келгениңди айтып берчи.
- Мен жогоруда айткандай, маалыматты абадан алабыз. Ал эми аны синтездеп, иш жүзүндө пайдалануу үчүн, силердин тил менен айтканда, эң күчтүү компьютер болгон мээбизди колдонобуз. Сенин мээң азыр ар бир уктаган сайын которулуп, эки адамдын жашоосун иштетип жатат. Муну ким кылганын, эмне себептен кылганын мен азыр так билбейм, бирок божомолум бар, аны кийинчерээк айтып берем. Ал эми сенин тигил жашооңо, ошол сага жолуккан жигиттин мээсине убактылуу кирип, бардым.
- Демек, сен ал бала эмес экенсиң да?
- Туура, ал эмесмин.
- Анда... азыркы денең да башканыкыбы?
- Жок. Бул мен өзүммүн. Башка дүйнөгө баруунун эки жолу бар. Бири - ошол дүйнөдөгү бирөөнүн денесин колдонуу болсо, экинчиси - тирүү организм жасап чыгаруучу атайын аппаратка өзүңдүн жеке биомаалыматыңды киргизип, өзүңдүн клонуңду жасап алуу. 1970-жылдарда андай аппарат жок болгондуктан биринчи ыкманы колдондум. А бул жерге өзүм келдим, азыр силерде мындай аппараттар бар.
- Өзүң башка денеге биротоло көчүп кеткенден кийин, эски денең эмне болот?
- Ага стандарттык программа орнотулуп, ал өз алдынча жашоосун уланта берет. Мындайлар ТВ жана Интернеттен көрсөтүлгөн "кадимки жашоого" ишенип, жашоо жөнүндө өз алдынча ойлонушпай, кадыресе үй-бүлө куруп, жумушка барып-келип, жөн гана жашап жүрө беришет.
- А эмнеге мага келдиң?
- Мм-м... Биринчиден, Алина, муну алып кой, - Урмат жайдары карай, колундагы гүлдү сунду.
- Рахмат!- Алина гүлдү алып, жагымдуу жылмайды.
- Мен сени бүт дүйнөлөрдү изилдеп көп издедим. Келишимдүү келбетиң, сергек ой жүгүртүүң, жашоого, сүйүүгө болгон кылдат көз карашың, жылмаюуң - баары менин кыялымдагыдай. Сендей кызды Кыргыздын бүткүл тарыхынан издеп отуруп араң таптым. Сага окшогондор эгер болсо, миллион эмес, миллиарддан бирөө чыгат! - Урматтын көздөрү жайнап, өтө катуу сүйлөп жатканын да байкаган жок.
Баятан бери угуп олтурган Алина, баарын түшүнбөсө да, айткандарын жалпысынан түшүнгөндөй болду. Урматтын боорукер көрүнгөн көздөрү, анын болгон чындыкты айтып жаткандай, абдан берилип сүйлөгөнү, баарынан да анын жан адамга айтпаган, айта албаган ички сырын билгендиги ага ишеним жаратып, ал гана эмес, ага качандан берки таанышындай, аны өзүнөн да жакшы билген жакын адамындай сезилди.
Алина мойнун созуп, көзүн сүзүп, өзүн укмуштай сулуу сезгенсип, тигини теңине албагансып, каадаланып башка жакты карап койду. Бири-бирин жакшы түшүнгөн экөө бир каткыра күлүп алышты.
Урмат Алинанын колунан кармап, анын коймолжуган көздөрүнө үңүлдү. Алина да анын көздөрүнө тигиле карап, өзүнө өзү таңгалып, ичинен буларды ойлонду: "кечээ эле тигил жигитти өзгөчө көрүп жатпадым беле. Бүгүн алдымда башка адам турат, буга дагы ошондой эле өзгөчө сезимдер менен арбалып жатканым эмнеси? Экөөнүн кандай окшоштуктары бар? Бир караганда экөө таптакыр эки башка адамдай көрүнгөнү менен, экөөнүн тең көздөрү бираз кусалуудай, бирок көптү билгендей, акылдуу көрүнөт экен. Ушунусу мени өзүнө тартып жатабы?" Ошондо Алинага бир ой кылт этти. Көрсө, сүйүү деген адамдын кебетесине, үнүнө, дегеле сырткы көрүнүшүнө карабайт экен да. Сүйүү адамдын көздөрүнөн көрүнүп турат экен. Көз - жандүйнөнүн күзгүсү дегендей, алдыңда өзүңдүн жаншеригиң турганын көз карашынан эле дароо туят окшобойсуңбу.
- Келечек жөнүндө айтып берчи, ал жакта кандай?
- XXII кылым жөнүндө айтсам, ал мындай. Ала-Тоо менен Ысык-Көлдөн баштап Алтай менен Байкалга чейин созулган аймакты кыргыз тилдүү көп улуттар жашаган, транспорттук жана инженердик инфраструктурасы өтө өнүккөн, экологиясы жер шарында эң таза деп эсептелген Кыргыз деген мамлекет ээлеп турат. Ал адамдарды өзүнүн кооз шаарлары жана ажайып жаратылышы менен эмес, так ушул экологиялык абалы менен кызыктырат. Анын себеби, бир кылым ичинде адам баласынын акыл-эси өсүп-өнүгүп отуруп, андагы сезим, эмоция, жандууларга тийиштүү инстинкт дегендер дээрлик толугу менен жок кылынган. Анткени адамдагы бул сапаттар коом ичинде ар түрдүү зыяндуу кесепеттерге алып келип, анын өнүгүүсүнө жолтоо болот деген жыйынтык чыгарышып, жашоону жалаң гана рационалдуулук, акыл жана логика башкарып калган. Адамдар өздөрү жасаган гуманоид роботтордон көп деле айырмаланышпайт. Алар урушпайт, кызганбайт, кооздукка суктанбайт, жада калса сүйбөйт дагы. Көркөм адабият жана маданиятка тийиштүү бардык материалдар өчүрүлүп, сандардын жана табигый-так илимдердин дүйнөсүнө айланган.
- А сенчи? Сен өзгөчөсүңбү?
- Ооба. Менин агрессияга алдыруу ыктымалдыгым үч пайызды түзөт, сезимдерге жөндөмдүүлүгүм менен логикалык ой жүгүртүүмдүн катнашы 50/50 болуп, ККТТ (коомго коркунуч туудурган топ) деп аталган топко кирем. Бул топтогу кишилердин айрымдары келечектен бул жакка келишип; нефти жана газ өңдүү күйүүчү энергиядан көз каранды болуп, ал үчүн согушуп, жабыр тартып жаткан адамзатка боору ооруп; алардын жашоосун өзгөртүү үчүн жасаган аракеттери силерге маалым. Мисалы, XX кылымдын башында Тесла аттуу адамдын энергияны абадан алуу жолун үйрөтөм деп чыкканын уксаң керек? Баса, мен ошол Тесла менен жакшы таанышмын, жашы менден үч жаш улуу, чын аты TSL12. Азыр силер колдонуп жаткан интернетти, компьютер, смартфон, ж.б. "жаңы" технологияларды дагы келечектен келгендер киргизген. Бирок бул адамдардын баарын УАПтын (убакыт аралык полисей) кызматкерлери тосуп, өткөн замандарга келтирбөө үчүн маалыматтарды тыкыр көзөмөлдөп турушат.
Менин бул жакка кирип келгеним дагы мыйзамга каршы келет. Бирок мен үчүн сүйүү, кубануу, аёо, кайгыруу, сагынууга окшогон адам баласына Жаратуучу тартуулаган сезимдер баарынан кымбат. Келечекте сезимдер жашабай калганындыктан, тарыхтагы сансыз тагдырлардын арасынан өзүм каалагандай кызды - сени таап, издеп келдим.
Алина ынангандай башын ийкеп, ойлуу жылмайды.
- Келечекте деле бир гана өмүр барбы же улам башка адамдын денесин колдонуп, түбөлүк жашап жүрө берсе болобу?
- Жок, болбойт. Келечекте деле адамда бир гана өмүр бар, бирок азыркыдан эки-үч эсе узак: 180-250 жашка чейин жашашат. Эгер башка заманга барып, башка адамдын жашоосун жашайм десең, анда жынысы да, жашы да өзүңдүкүндөй адамды гана тандай аласың. Чынында, кебетең кандай болгону, кайсыл заманда жана канча жашаганың таптакыр маанилүү эмес. Эң башкысы, өзүңө берилген убакытты - өмүрдү туура колдонуп, бактылуу жашап өтүү керек. Анткени, бул өмүр бүткөн соң биз анын уландысы болгон, убакыт деген түшүнүк таптакыр болбогон башка ааламга өтөбүз. Көралбастык, уурулук, ичитардык, ачкөздүк, карасанатайлык сыяктуу терс көрсөткүчтүү иштер, башкача айтканда "күнөө иштер", адамдын бактылуу болуусуна бөгөт койот жана түбөлүк ааламга өткөндө ошол бактысыз абалда калып калуу коркунучу бар.
- Түшүнүктүү...
Экөө айланага көз чаптырып, өз ойлору менен алек болуп, бир саамга үнсүз турушту. Жайкы аптаптагы сейилбактын жан сергиткен көлөкөсүндө чурулдап бөбөктөр ойноп жүрүшөт, алардын кылык-жоруктарына жетине албай, элжирей карап, ата-энеси же чоң ата-чоң энелери олтурушат, жетелешип кыз-жигиттер басып жүрүшөт.
- Менде бир суроо пайда болду. Бул жашоомдо экөөбүз чогуу болгонубуз менен тигил жашоомдо жолуга албайт турбайлыбы. Демек, мен өмүрүмдүн жарымын гана сени менен өткөрө алат экенмин да? - Алина улутунуп, Урматка жалооруй карады.
- Жок, андай эмес. Сен жакшылап ойлонуп, эки жашооңдун бирөөсүн тандап, экинчисинен баш тартышың керек. Анан мен сага керектүү коддор камтылган маалымат топтомун берем, аны окугандан кийин тандаган жашооңдо калып, экинчисин эч качан болбогондой унутуп каласың. Анан өзүм дагы тийиштүү коддорду окуп, ошол сен тандаган дүйнөдө биротоло калам. Сен шашпай ойлонуп танда, мен сени менен кайсы заманда болбоюн бактылуу болом!
Айтып бүтүп, UМ74 Алинага ишенимдүү карады.
- Макул, мен ойлоноюн. Жообун фейсбуктан жазып койом. Азыр мен кетишим керек, көрүшкөнчө! Алина ордунан туруп, үйүн көздөй бет алды.
- Көрүшкөнчө! UМ74 аны артынан узата карап турду.
* * *
Биринчиси: бир калыпта өткөн, супсак, бирок жайбаракат, бейпил жашоо тартуулаган СССРде жашаган Жибек. Экинчиси: ар дайым жакшы жашоо үчүн күрөшүүгө аргасыз кылган, бирок ошонусу менен кызык жашоо сунуштаган Кыргызстанда жашаган Алина.
Бул эки кыздын, эки замандын кайсынысын тандаса көбүрөөк бактылуу болушат? Ар биринин оң жана терс жактарын салыштырып, бир нече күн бою ойлонуп жүрдү кыз.

Комментариев нет:
Отправить комментарий