...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


вторник, 15 декабря 2015 г.

Кандай аял алуу керек

* * *
Үй-бүлөңдү курарда ой калчагын,
Үйлөнүүгө татыктуу кыз тандагын.
Үйдүн куту болсун ал берекелүү,
Илбериңки, жароокер, жана эстүү.

Көргөн аны алыстан кары-жаштын,
Көзү күйсүн, жүрөгү жалындасын.
Көңүл бөлбөй бөлөккө сени сүйсүн,
Көзү өткөнчө кадырлап, сен деп жүрсүн.

Көрүп-билип энесин, кызын алгын,
Кандай экен жердиги, абай салгын.
Атак-данктуу аты анын азгырбасын,
Алганыңдын атына жазылбайсың.

Ачуу-таттуу көп көргөн, кагылгандын,
Айтканына кулак сал акылмандын:
"Алчу жардын жүзү эмес кулк- мүнөзү,
Айыбы жок, телегейи тегиз болсун,
Кебетеси кеп эмес, көкүрөгү
Куру эмес болсун де, көрөңгөлүү".

Кызыктырган эркекти эмне болот?
Көркүн көрүп айрымдар эс жоготот,
Башкалары тандашат тектүү аял,
Байлыгына караган эптүү да бар.
Тандаганы бирөөнүн, самап дайым,
Таза жүрөк, мүнөзү карапайым.

Бул төртөөнүн туура кылат кимиси,
Билгиң келсе, уккун менин кеңешим:
Бай аялдын байлыгы үчүн үйлөнгөн,
Байлангандай, эрксиз өтөт дүйнөдөн.
Бай аялы күйөөсүнө томаяк,
Бой көтөрүп, теңине албайт, уялат.
Күйөөсү эмес, көрөт аны кулундай,
Кекээрденип, көп жемелейт курулай.

Боорум ооруйт данктуу аял алганга,
Байкуш болуп алдында анын калганга.
Бийикмин деп, тектүүмүн деп ар дайым,
Басынтат ал жетесиз деп алганын.
Өзүн эркин сезбей жүрүп, өкүнүп,
Өмүрү өтөт кулдан бетер шүк жүрүп.

Өңдүү аялдын эри дайым бушайман -
Өңдөн азып, убайымдуу бу жалган.
Сулуулукту сүйгөн жалгыз ал эмес,
Суктанышат сугун артып ар эркек.
Ал бечара өткүчөктү өмүрү,
Аялына сакчы болот, үйрүлүп.

Ак көңүлдүү, чынчыл болсо колуктуң,
Анда эле сен чоң бакытка жолуктуң.
Таңдандырган, болбосо да супсулуу,
Тартып турат жан-дүйнөсү жыпжылуу.

Кыйынсынган кайыныңа жүгүнбөй,
Кызыкпадың анын тектүүлүгүнө.
Бирок анын изгилиги, намысы,
Бийиктетет, атың чыгып алыска.

Бай аялдын чуркабадың артынан,
Бийик тутуп анын тууган, жакынын.
Анткен менен байлык дагы күтүлөт:
Алган жарың жардам берет күч үрөп.
Ана ошондой аял болсун табылгаң,
Анда аялдын бардык түрү катылган.

Абай Кунанбаев

Комментариев нет:

Отправить комментарий