Кеч күз. Бак ичиндеги аллея. Жерде төгүлгөн жалбырактар. Салтанат эже узап кеткен баланын артынан шашып басып баратты. Бала бир кылчайбай, токтобой басып кете берди. Салтанат эже токтой калып, оң колу менен оозун калкалап, жалооруган үнү менен кыйкырып, баланы чакырды. Анын кайрылбасына көзү жеткенде, шаабайы сууп, ордунда катып туруп калды. " - Токто... Кайрыл... Балам...", - деди, шыбырап. Жүзүнөн ыза менен өкүнүч көрүнө түштү. Башын чайкай улутунду да, артка бурулуп, жерди карап, калың төгүлгөн жалбыракты жиреп, ойлуу, жай басып баратты. Көзүнө жол боюнда үшүп отурган кайырчы урунду. Аны бир саамга карап турду да, үстүндөгү курткасын чечип ага жаап, мээримдүү жылмайып, жонунан таптап коюп, андан ары жолун улай жумушуна кайра келди. Чогуу иштегендерге сыр бербей, ички дүйнөсү аңтарылып жатканын билдирбей, адатынча шайыр болуп көрүнгүсү келди, бирок баарыбир баланы улам-улам эстеп, маанайы бузулуп жатты. "Чоң эле адам ушинтип таарынабы, менин сөзүмдү бир уксаң боло, мени түшүнсөң боло... " деген ойлор келип, ал дагы таарынгысы келди.
Арышын болушунча кере таштап, ылдам басып бараткан Даниел акырын башын буруп, көзүнүн кыйыгы менен артын карады. Салтанат эженин артка бурулуп, кетип баратканын көрүп басыгын жайлатты. Түпөйүл тарткан жүрөгү дүкүлдөп согуп, ачуусу келгенден, ага кошулуп тез баскандан улам денеси күйүп кетчүдөй ысып, нымшып чыкты. Дагы бир кыйла басып барып, жол боюндагы отургучка денесин оор таштап олтурду да, курткасынын төшүн сыдырып, терең дем алып, демин суутту. Жөлөнгүчкө чалкалап, башын өйдө буруп, бактардын башындагы кызыл-тазыл жалбырактарга, бозоргон, булуттуу асманга көз жүгүртүп, азыркы айткан сөздөрүн, бүгүнкү кылган иштерин бирден талдап, ойлонуп отурду.
" Эх, Нурбек... Кичинебизден бирге ойноп, бир жүргөн, бир туугандай чогуу чоңойгон, эң жакын деген досум ушуну айттыбы. Досум деп койом, кайдагы дос. Анын үстүнө бүгүнкү чырдан кийин, мен аны муштап жибергенден кийин, ушундай жек көрүүдөн кийин ортобузда достуктун жыты калдыбы?...
Бирок... Бирок шибегени капка ката албагандай эле, чындык бир күнү билинмек да. Ооба, барыбир билинмек. Барын билмекмин, укмакмын. Бирок башка учурда, башкача шартта уксам эмне!
Ызама чыдабай туталанып, ачууга алдырып, дүйнөдөгү эң мээримдүү, эң боорукер, эң жакын жалгыз адамыма кыйкырып, анын көңүлүн ооруттум. Жан дүйнөм сыздаганын көтөрө албай, ачуу сөздөрдү айтып, анын да жүрөгүн канаттым. Эч нерседен кем кылбай баккан, көзүмдүн агы менен тең айланган, мүнөзү алтындай өзгөчө адам, эч кимде жок, теңдешсиз асыл апам... Кечир мени...
Мына, мектепти быйыл аяктайм, чоң киши болдум. А менин кылганым бул... Бирок... эмнеге мындай болуп калды? Эмнеге мындай болушу керек эле? Эмнеге мен?"
Ушуларды ойлонуп, маңдайына жазылган тагдырга, бул куу турмушка таарынып, өзүнө өзү батпай, каңырыгы түтөп, жанын койорго жер таппай турду.

* * *
Эми эч нерсеге татыбагандай сезилген, болбогон бир маселе үчүн экөө чырдашып, айтыша кетип, ал кайым айтышуусу күчөп отуруп акырында ушуга жеткирбедиби.
- Сен билесиңби? Сен деген бакма баласың! - деди Нурбек ызырынып.
- Эмне деп былжырап жатасың? - деди Даниел, аны теше тиктеп.
- Сенин апаң туубас аял. Ал сени жетимдер үйүнөн багып алган!
- ...
Даниел жооп таба албай мукактана түштү. Канчалык ишенгиси келбей турса да, чачыранды ойлор куюндай удургуп, биринен сала бири келип, тигинин айтканына ынандырып жатты. Жооп кайтара албаганына арданып, кызарып-татарып түрү бузулуп, жини кайнап чыкты да, өзүнөн-өзү таштай түйүлө калган муштуму менен маңдайында турган каршылашын бет талаштыра согуп жиберди.
Артка чайпала түшкөн Нурбектин мурдунан кан чыгып кетти. Тамчылаган кызыл канды токтото, бир колу менен мурдун басып, жеңүүчүдөй көз караш менен Даниелди шылдыңдай да, жекире да тиктеп, жылмая карап турду. Өмүрү мушташып көрбөгөн, өзүнөн мындайды күтпөгөн Даниел, жүрөгү опколжуп, нес болуп бир көз ирмемге тигини алая карап турду да, артка шарт бурулуп чуркап жөнөдү.
Токтобой көпкө чуркады. Ызадан тамагы буулугуп, кулагы чуулдап, ага кошулуп жүрөгүнүн дүкүлдөгөнү жаңырып жатты. Качан гана күйүгүп, күчү калбай шалдырап, акактап калганда токтоп, мас кишидей теңселип, айлананы карап турду. Көчөдөгү элдер, машиналар, үйлөр, бак-дарактар, деги эле көзүнө көрүнгөндүн баары башкача туюлуп, башка дүйнөгө келип калгандай элес калтырып, булардын баары жалгандай, чыныгы жашоо, чындык башка жакта тургандай сезилип жатты. Өзүн бүткүл дүйнө алдап койгондой, эң бактысыз, эң аянычтуу, эң жалгыз адамдай сезди. Курчап турган жандуу-жансызды, оюна келгендин баарын жек көрүп, мүмкүнчүлүгү болсо эч ким билбеген, кулак угуп, көз көрбөгөн алыс жакка, көздөн кайым болуп, барын таштап кетип калгысы келип турду.
Канча турганын ким билсин, бир маалда көзүнө толгон жашын алаканы менен сыдыра аарчып, бул бактысыз абалына себепкер болгон күнөөлүүнү тапкандай, апасынын жумушун көздөй опурула кадам шилтеп, жүткүнө басып жөнөдү.

Комментариев нет:
Отправить комментарий