Октябрь айы эле. Туманда,
Келаткам мен эстеп бир күүнү.
(О, таза сүйүүнүн убагы!
О, таза кыздардын сүйүүсү!)
Аңгыча, бозоргон тумандан,
Угулду өткөндүн ал күүсү.
Келаткам мен эстеп бир күүнү.
(О, таза сүйүүнүн убагы!
О, таза кыздардын сүйүүсү!)
Аңгыча, бозоргон тумандан,
Угулду өткөндүн ал күүсү.
Жаштыгым, түшүмдөй, көрүндү,
Жана да, сен турдуң жанымда...
Кыялга баттым да, бөлүндүм,
Караңгы, тумандан, жамгырдан.
(Жапжаш кез түш болуп көрүндү,
А сенчи, болобу кайрылсаң?)
Жана да, сен турдуң жанымда...
Кыялга баттым да, бөлүндүм,
Караңгы, тумандан, жамгырдан.
(Жапжаш кез түш болуп көрүндү,
А сенчи, болобу кайрылсаң?)
Капкара тумандан, илмийип,
Карасам келатат тамтаңдап,
Картайып бараткан бир жигит
(Кызык, же түш көрүп жатамбы?)
Караңгы тумандан ал чыгып,
Түз эле мен жакка бет алды.
Карасам келатат тамтаңдап,
Картайып бараткан бир жигит
(Кызык, же түш көрүп жатамбы?)
Караңгы тумандан ал чыгып,
Түз эле мен жакка бет алды.
Ал мага шыбырайт: "Чарчадым,
Темселеп, суукта жүргөндөн.
Башканын күзгүсүн каранып,
Башканын кыздарын сүйгөндөн..."
Бир кызык сезилди абалым,
Мен ага жолугуп, көргөнүм.
Темселеп, суукта жүргөндөн.
Башканын күзгүсүн каранып,
Башканын кыздарын сүйгөндөн..."
Бир кызык сезилди абалым,
Мен ага жолугуп, көргөнүм.
Капыстан - шылдыңдап жылмайды, -
Карасам эч ким жок жанымда...
Кайгылуу, билем мен мындайды
Көргөнсүйм бир жерден аны да...
Же балким күзгүсү жылдардын
Көргөзүп өзүмдү тургандыр.
Карасам эч ким жок жанымда...
Кайгылуу, билем мен мындайды
Көргөнсүйм бир жерден аны да...
Же балким күзгүсү жылдардын
Көргөзүп өзүмдү тургандыр.
Комментариев нет:
Отправить комментарий