...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


понедельник, 20 октября 2014 г.

Карайып күн бүркөлүп,
Калдайып булут көктө -
Кайгылуу, үнсүз түнөрүп.
Шатырап төгө албай,
Шамалга муңун айтат,
Шаттыктын изин көрө албай.
Буулугат суз ойлордон,
Байма-бай эске түшүп,
Бактылуу кыялдары ойрондолгон.
Жаныңды кыйнабачы,
Жаш төгүп тамчы-тамчы,
Жеңилдеп каларсың бир, ыйлап алчы.

Комментариев нет:

Отправить комментарий