...Кечээ болсом кыялымда бактылуу,
Бүгүн ойлор кыйнайт жүрөк жаралап.
Бул өмүрдө бардыгы убактылуу,
Эртең кайра жаңы үмүт жаралат...


среда, 25 июня 2014 г.

Гүл

Көрдүм мен китептин ичинен,
Кургаган, жытсыз бир гүлдү.
Кыялдар удургуп ичимде,
Ойлорум онго бөлүндү.
Кайда өскөн? Качан? Кай жазда?
Көппү же азбы, канча өскөн?
Койду экен эмнеге бул жайга,
Таанышпы, жатпы, ким үзгөн?
Жолуккан күндү эстөө үчүнбү?
Же жаштуу коштошуу болгон го?
Же жалгыз өткөргөн күнүнбү,
Сейилдеп салкын токойдо?
Барбы азыр ал жигит, барбы ал кыз?
Кайда азыр алардын түнөгү?
Же соолуп алар да калганбы,
Белгисиз ушул гүл өңдүү?

А. С. Пушкин

Комментариев нет:

Отправить комментарий